Ош мэриясы: "Мэр Таалайбек Сарыбашов "Орусиянын жарандыгын алган эмесмин" деген"

Таалайбек Сарыбашов"Мэр Таалайбек Сарыбашов "Орусиянын жарандыгын алган эмесмин" деген. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ош мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров айтты.

Анын айтымында, мэр бул тууралуу өз пикирин билдирген.

"Депутат Ирина Карамушкина көтөргөн маалыматты уктук. Мындан кабарыбыз бар. Мэр Сарыбашов 2000-жылдары Орусияда мигрант катары иштеп жүргөн. Бул маселе боюнча мэрге кайрылып жатам. Анын айтымында, ал Орусиянын жарандыгын алган эмес. Кыргыз жараны бойдон эле", - деди Абсаттаров.

Бүгүн, 22-ноябрдагы парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина Ош облусунун мурдагы башчысы, учурдагы Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун Орусиянын жараны экенин айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ekaterinburg
2018-11-22 11:15:01
Ар биринин айтканына таянган силер "тфуй"экенсинер го.Текшербейсинерби озунор!
+3
gitaris93
2018-11-22 11:39:21
ХХХХХ ХХХХХ кош жарандуулугу бар.
Кыкендерге акчасы болсо болду орусиянын жарандыгы уруп ойнобойт.
+3
barakcha
2018-11-22 11:43:29
Кош жарандуулугу болсо эмне болуптур?Анын бизге зыяны деле жок го?Алса алгандыр...Эл учун иштеп берсе болду да.Ошол РФ жаранын жыргаганынан албаса керек эле.
-5
CEO1
2018-11-22 12:13:33
barakcha, мыйзам боюнча кош жарандуулукка уруксат берилбейт! Мам.кызматта иштегиси келсе РФ жарандыгынан баш тартышы керек эле элди алдабай!

Элди алдап отурган бироо жарытчу беле?!!
+4
glaz_almaz
2018-11-22 11:59:37
Алса эмне болуптур. Кыргыз болсо, барибир Кыргызстанга кайтып келет. Ана Карамушкинага окшогондорунар эртен сатып Россияга качып кетет.
0
Erik2018
2018-11-22 12:26:32
Оштун мэри кош жарандуулукту колуна албай тезинен өткөрүп берсин. Элдин алдаганын токтотсун.
+3
Dembele84
2018-11-22 12:44:49
Орусия жарандыгын алган эмесмин десе эле,анда жакшы экен деп отургузуп койдунарбы?Териштирбей оозеки айтып койсо эле креслого отургузуп койдунарбы?Мэрия эшек жайлоо эмес да,мен чабанмын десе эле кой кайтартып койгудай!!!Устудон приказ болсо мэрия Африканын жаранын да отургузуп койо берет...
+1
bond02
2018-11-22 12:47:18
Ушу чиновниктерибиз калп айткандан уялса.
+2
kyrgyzsaram
2018-11-23 08:02:16
Эгерде, кош жарандуулугу аныкталса соттош керек аны жон эле иштен алып койбой.
0
senchi
2018-11-23 08:26:53
Силер кыргыз жарандыгы менен орусияга барсанар мэр эмес жон жумушка албайт
-1
Koichuman
2018-11-23 14:16:11
Орусияга запрос жонотуп текшертишсе болот,шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт.Эртен чп чыкса секиин эле кетип калат орусиянын жарандыгы менен анан чыгышат соттой албайбыз РФ экен деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан