ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкка байланышкан сот иши уланууда

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 22-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон 4 кылмыш иштин бирин кароо уланууда.

Сот отурумунда "Бишкек жылуулук" менен "Электр станциялары" ишканасынын юристтери ЖЭБдеги кырсыкты жөнгө салууда келтирилген чыгымдар боюнча суроолорго жооп беришүүдө.

Аталган эки ишкана энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында, ал эми калган үчөө үй камагында.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erik2018
2018-11-22 15:22:54
ЖЭБ боюнча камалгандардын баары жазасын толук алып чыгыш керек. Элдин көксөөгөн тилеги ушул.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан