ЖЭБ соту. Айыпталып жаткан 7 энергетиктин төртөө сот залынан бошотулду

Бүгүн, 31-майда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча ишти кароо улантылды.

Соттун чечимине ылайык, айыпталып жаткан 7 адамдын ичинен төртөө бошотулду. Алар:

1) "Электр станциялар" ишканасынын башчысынын биринчи орун басары Бердибек Боркоев 7 жыл 6 айга шарттуу кесилип, 300 миң сом төлөөгө милдеттендирилди.

2) "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Сыдыков 220 миң сом төлөөгө милдеттендирилди.

3) ЖЭБдин мурдагы техникалык инженери Нургазы Курманбековго 220 миң сом айып тагылды.

4) ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркүл уулу 300 миң сом төлөөгө милдеттендирилди.

Алар буга чейин күнөөнү моюнга алып, тергөө менен бүтүм түзүшкөн.

Ал эми күнөөнү моюнга албаган "Электр станциялар" ишканасынын мурдагы башчысы Узак Кыдырбаев, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жарым жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан