Бишкек шаарынын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, электр жарыгы оңдоп-түзөө иштеринен улам өчүрүлөт.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

Саат 10:00дөн 15:00гө чейин Айнек заводунун аймагы;

Саат 09:30дан 19:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушунда (Боогачы, Босого, Сайма-Таш, Молдокулов, Көк-Жайык, Арстанбап, Шоокум көчөлөрү).

Саат 13:00дөн 17:00гө чейин 3-кичи райондогу №20-30-үйлөрдө;

Саат 13:00дөн 16:00гө чейин Элебаев, Кулатов, Горький көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Геологический тар көчөсүндө;

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Түлөбердиев көчөсүнүн бир бөлүгү, Тихвинский тар көчөсү;

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Васильев, Белинский көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Талас тар көчөсү;

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Чоң-Арык айылындагы Мост көчөсү, Лущихин, Чайковский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Арча-Бешик конушундагы Көк-Дөбө көчөсүнүн бир бөлүгү, Манас көчөсүндө;

Саат 09:30дан 18:00гө чейин Күрөңкеев, Турусбеков, Ленинград, Исанов көчөлөрүнүн бир бөлүгү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baihan07kenjetaev
2018-11-23 10:32:06
ХХХХХХ свет өчпөйт деп айтып коюп эле киргизия бирде күндө өчүрүп жатасыңарго, саат тогузга чейин туруп тамак ичип ишиңди кылып албасаң болду кечке чейин свет жок.ХХХХХХ ХХХХХ качан оңолобуз???
0
admin_superstan
2018-11-23 13:02:02
baihan07kenjetaev, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! БАНга!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан