Конор Макгрегордун басканын туураган электрик техникалык коопсуздук эрежелери боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырды

Конор Макгрегордун басканын туураган электрик Адилет Асанбеков техникалык коопсуздук эрежелери боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Түндүк электр" ачык акционердик коомунан билдиришти.

Ишкананын басма сөз катчысынын айтымында, Адилет Асанбеков кечээ, 22-ноябрда "Түндүк электр" ААКсынын борбордук комиссиясынан техникалык коопсуздук эрежелери боюнча компьютердик тесттен жана оозеки текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн.

Эске салсак, интернет желесинде Конор Макгрегордун басканын туураган видео кызуу талкууга алынып, "Түндүк электр" ААКсы Адилет Асанбековду техникалык эрежелерди сактабаганы үчүн жазага тартып, эрежелер боюнча сынактан өтүүнү талап кылган.

Адилет Асанбеков SUPER.KG'ге берген маегинде видео тамаша иретинде тартылып, коомго тарап кетерин билбегенин айтып, "силер мени туурабагыла, коопсуздук баарынан маанилүү", - деген.

Конор Макгрегорду туурап мамыга чыккан электрик Адилет Асанбеков: “Мени туурабагыла”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
edua
2018-11-23 11:06:38
ээ иним өзүңө өзүң кличка алып алдыңда. баары коонор дейт эми сени
+1
edua
2018-11-23 11:09:02
жылдыз болдуң молодец.
+2
Koichuman
2018-11-23 14:09:28
Хит болдунда чиркин!
+1
Azyk_tegin
2018-11-23 14:21:16
Азаматсын. Басса баскандыр. Анча мынча депутат, чиновниктер деле доодуроп суйлоп атат го. Бул жерден мен эч кандай мыйзам бузууну, же криминалды коргон жокмун.
+6
kairan_ozum
2018-11-24 10:57:10
Молодец ай кайран озумдун кошунам да Алианбет бакенин балабаны!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан