Түркияга кирүүгө тыюу салынган кыргыз кыз сиңдисинин паспорту менен кетип жатып, 22-ноябрда "Манас" аэропортунан кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, чек ара кызматкерлери 23 жаштагы К.С. аттуу Кыргыз жаранынын жалпы жарандык паспорттогу сүрөтү өзүнө окшошпой жаткандыгын байкашкан. Текшерүү учурунда ал паспорт 21 жаштагы З.С. аттуу сиңдсине таандык экени аныкталып, өзүнүн ID-карт үлгүсүндөгү паспорту сумкасынан табылган.
Кармалган кыз буга чейин Түркиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп, ал өлкөгө кайра кирүүсүнө тыюу салынгандыктан сиңдисинин паспортун колдонуусуна туура келгенин түшүндүргөн.
Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган кыз УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.