"Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзам долбооруна менин ордума башка бирөө "каршы" добуш берип салыптыр", - деп бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Осмонова билдирди.
Ал бул мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. "Кечээ менин ордума башка бирөө добуш бериптир. Мен мыйзам долбооруна "макул" деп добуш берет элем. Стенограмма үчүн айтып коёюн", - деди ал.
Аталган мыйзам долбоору кечээ, 13-февралда Жогорку Кеңеште 2-окууда колдоо тапкан. Мыйзам долбоору добушка коюлганда 94 депутат "макул", 8 депутат "каршы" деп добуш берген.