Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев экс-президенттердин кимисине бир жылда канча каражат кете турганын сурады.
Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору каралууда.
Мыйзам долбоордун демилгечиси Курманкул Зулушев экс-президенттердин кимисине канча каражат кеткенин кызыкпаганын айтып, маалыматы жоктугун билдирди.
Кенжебек Бокоев президенттин иш башкармалыгынын башчысын мыйзам долбоору экинчи окууда каралганда чакырылышы керектигин айтты.