Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде экс-президенттердин кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Депутат Акылбек Жапаров экс-президент саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө аралашса анын "экс-президент" деген наамын алып салууну сунуштады.
Анда депутат Асел Кодуранова бул сунуш менен мыйзам долбоорун өзүнчө добушка коюу керектигин айтты. Бирок депутаттар мыйзам долбооруна айтылган сунуштар менен бирге баарын бир добушка коюу чечимин кабыл алышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Исхак Масалиев жана Курманкул Зулушев.
Демилгечи Исхак Масалиев бул мыйзам долбоорду колдоодон баш тарта турганын жыйындын башында айткан.
"Бул абдан маанилүү мыйзам болуп жатат. Чынын айтканда, бул мыйзамдын кереги жок болчу. 2006-жылы Конституция өзгөргөндө экс-президенттин кол тийбестик боюнча статусу алынган, бирок мыйзамда калып калыптыр. Ошого мыйзам долбоорун талкуулап жатабыз. Акыркы берилген мыйзам долбоорунун вариантында мурункудан ашыкча кол тийбестик берилип жатат. Чоң ката кетирип жатабыз. Конституциялык палатанын чечими ашыктык кылып жатат. Негизи мыйзам кабыл алынганга чейин Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жөнүндө, чечимдердин кандай таасир бере турганын карап чыксак болмок. Конституциялык палатанын акыркы чечимдеринде ачык Жогорку Кеңешке, өкмөткө тапшырма берилип жатат. Ошондо экс-президент мамлекет башчы учурундагы гана кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартылабы? Ал экс-президент болуп турганда кылмыш жасаса жоопко тартылбайбы? Мыйзамдын 12-беренесин алып салууну сунуштагам, бирок менин сунушум Конституциялык палатанын чечимине каршы келип жатат. Биз сунуштаган мыйзамдын маңызын алып салып, Конституциялык палатанын чечимине таянып башка нормалар киргизилип жатат. Мыйзам долбоорун колдоодон баш тартам", - дейт Масалиев.
"Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын 12-беренеси:
"Экс-президент кол тийбестик укугуна ээ. Ал президенттин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.
Экс-президенттин кол тийбестик укугу ал ээлеген турак жайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат".