22-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш” түзүлдү.
“Соңку жылдары чет өлкөдө иштеген биздин мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргыз мамлекетиндеги ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптуу колдойт жана Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына акча салууну каалагандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берет.
Өлкөдө жаңы өндүрүштөрдү жана ишканаларды түзүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү жана колдонуу максатында өндүрүштүн келечектүү чөйрөлөрүнө мекендештерибизден инвестицияларды тартууга дем берген тиешелүү финансылык механизмдерди иштеп чыгуу керек жана зарыл инфраструктура болууга тийиш.
Кыргыз мамлекетин өнүктүрүү үчүн мамлекет менен чет өлкөдө жашаган мекендештердин ортосундагы конструктивдүү өз ара мамилени түзүүгө, диаспоралардын деңгээлин бириктирүүгө бардык тараптар кызыкдар.
Андыктан Кыргыз мамлекети менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу системи мамлекеттик деңгээлде түзүлдү", - деп айтылат жарлыкта.
Аталган кеңештин курамына кошулган “Замандаш” коомдук фонду 2003-жылы чет өлкөдөгү мекендештерге жардам берүү, коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү, социалдык маселелерди чечүү максатында Муктарбек Өмүракунов тарабынан негизделген.
Мындан ары эл мүдөөсүн чечүүгө “Замандаш” коомдук фондунун иши жанданды жана жогоруда белгиленген маселелер боюнча аталган фонд иш алып барса, “Замандаш” саясий партиясы саясий маселер аркылуу замандаштарына кызмат кылмакчы. “Замандаш” коомдук фонду - партиянын ажырагыс бөлүгү.
“Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов “Замандаш” коомдук фондунун президенти болуп бекитилди. Биз, партиялаштары Муктарбек Сүйүналиевич баштап кеткен иштерге Жеңиш Өмүргазиевич жаңы дем берип, ийгиликтүү алып кетерине жана жогорку баскычка чыгара турганына толук ишенебиз. Ошондой эле чын дилибизден куттуктап, чет жердеги замандаштары менен жогорку деңгээлде иш алып барарына жана келечектүү кадамдарына ишенебиз, жалпы жамаатыбыз түзүлгөн кеңеш ийгиликтүү болот деп үмүт артабыз.
“Замандаш” саясий партиясынын маалымат бөлүмү