"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жан дүйнөнүн байлыгын баарынан бийик тутат" деди 2 жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын руханий дүйнөсүн азыктандыруу үчүн иш алып барып келе жаткан "Алмаз жүрөк" кайрымдуулук фондунун төрагасы Улукбек Жайчыбеков. Анын айтымында, 3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата аталган фонд кезектеги иш-чарасын 100 баланын катышуусунда өткөргөн.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-декабрда "Алмаз жүрөк" коомдук фонду, Бишкек шаарындагы "Алтын-Арашан" кафеси, "Табылга" соода борбору жана жеке ишкерлердин колдоосу менен балдарга сый тамак, салтанаттуу ыр кече уюштурган.
"Сый тамакка Бишкек шаарындагы №21-республикалык интернат-мектептен, шаардагы көзү начар көргөн балдардын мектебинен, угуудан көйгөйү бар балдардын мектебинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 100 бала чакырылган. Айрымдарын энелери коштоп келсе, көп балдар мугалимдеринин коштоосунда келди. Аларга атайын уюштурулган шоу программа, ыр-бий, тамашалар тартууланып, соңунда белектер тапшырылды. Ден соолугунан көйгөйү бар балдар көп нерсени кадырлайт, аларга өзгөчө жан дүйнөнүн азыгы бийик турат.
Биздин фонд дээрлик жума сайын балдарды концерттерге, театр, цирк жана башка эс алуучу жайларга алып барып турат. Балдар эс алууга кирип баратканда башкача маанайда кирип, чыгып келе жатканда таптакыр башкача болуп калышат. Көңүлдөрү көтөрүлүп, ийгиликке жетүүгө болгон үмүттөрү чоңоёт", - деди фонддун төрагасынын жардамчысы Тинатин Сазанова.
Жайчыбеков белгилегендей, фонд ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барып жаткан жылдар аралыгында аларды көп учурда аталары таштап кетерине күбө болушкан.
"Тилекке каршы, майып балдарды көбүнчө жалгыз бой энелер багат. Аталары таштап кеткен болот. Ал баланы баккан эне аны концертке, эс алууга, театр жана башка жактарга кантип алып барат? Ага каражат жеткире албайт да. Мындан улам биз аларды адеп-ахлак, руханий жактан колдоону туура көрдүк. Фонддогу ыктыярчылардын баары жаштар, алар иш-чаралар уюштурулганда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды арабада болсо арабасын сүйрөп же кароого муктаж болсо карап жүрөт", - дейт Улукбек Жайчыбеков.