Хоккей боюнча Азия чемпиондугу: Бүгүн Кыргыз курама командасы БАЭ курамасы менен беттешет

Бүгүн, 7-декабрда Малайзияда өтүп жаткан хоккей боюнча жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугуна Кыргыз курама командасы Бириккен Араб Эмираттары курамасы менен беттешет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Аталган мелдеш Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында 8 команданын катышуусунда өтүп жатат. Кыргыз курама командасы чүчү кулактын жыйынтыгында "А" тайпасына Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары жана Филиппин курамалары менен бирге кирген.

Бүгүн кыргыз хоккейчилер БАЭ курама командасы менен кез келсе, Филиппин курамасы Малайзия менен кездешет.

Белгилей кетсек, 1-турда Кыргыз курама командасы Филиппин курамасы менен беттешип 13:2 эсеби менен жеңишке жетсе, БАЭ курамасы Малайзия менен ойноп, 3:14 эсебинде жеңилип калган.

"А" тайпасынын беттештеринин тизмеси:

7-декабрь:

Саат 12:00дө Кыргыз өлкөсү - БАЭ;

Саат 15:30да Малайзия - Филиппин;

8-декабрь:

Саат 12:00дө Филиппин - БАЭ;

Саат 15:30да Малайзия - Кыргыз өлкөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан