Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери республика боюнча 30-ноябрдан 6-декабрга чейин 16 миң 516 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктаган. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Бир апта аралыгында жүргүзүлгөн рейддин алкагында өлкөдө 3 миң 255 айдоочу унаа башкарып баратып уюлдук телефон колдонгону үчүн мас абалында унаа башкарган 176 айдоочу, 1 миң 996 айдоочу унаа каражатын жогорку ылдамдыкта башкарганы үчүн, 343ү жол чырактын кызылы күйгөндө өткөнү үчүн, жол белгилерин сактабаган 2 миң 930 айдоочу, коопсуздук курун тагынбаган 4 миң 205 айдоочу, айнегин караңгылаткан 36 айдоочу жоопко тартылды. Ошондой эле 846 айдоочунун унаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулду", - деп маалымдалат.