Дүйшөнбек Зилалиев отставкага кетти (өмүр баяны)

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев отставкага кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Жакында мен бомба тууралуу түшүнүксүз кылмыш ишинин фигуранты болуп калдым. Мындан улам жалпыга маалымдоо каражаттарында мага каршы сөздөр айтыла баштады. Бул окуя менин намысыма шек келтирди жана өкмөт менен премьер-министрге көлөкө түшүрдү. Ошондуктан, бул кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин отставкага кетүүм эң туура чечим деп эсептейм", - деп түшүндүрдү Зилалиев.

Белгилүү болгондой, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович

1973-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында туулган. Билген тилдери: кыргыз, орус, түрк жана англис тилдери.

1991-жылы СССР Ички иштер министрлигинин Караганда жогорку мектебин, 1991-1992-жылдары Бишкектеги ИИМ жогорку мектебин бүтүргөн.

1995-жылы - Түркиянын Анкара ИИМ академиясын “юрист” боюнча адистигин бүтүргөн. Юридикалык илимдердин кандидаты.

Кесиптик тажрыйбасы:

1990-1991-жылдары – Электрик, ААК “НГЭС” өнөр жай жана жарандык курулуш куруу башкармалыгы, Кара-Көл шаары;

1995-1996-жылдары – Октябрь районунун ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

1996-1999-жылдары – Адъюнкт, Орусиянын ИИМ Академиясынын адъюнктурасы, Москва шаары;

1999-2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын ИИМ академиясынын окутуучусу, Бишкек шаары;

2000-жылдын августу – ИИМ академиясынын илимий-катчысы, Бишкек шаары;

2002-2003-жылдары – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитетинин инвестиция тартуу боюнча көзөмөл башчысы;

2003-2004-жылдары – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин Ош-Жалал-Абад-Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы;

2004-жылдын март-декабрь айлары – Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин аппаратынын Бишкек шаары боюнча башчысы;

2005-жылдын январь-июнь айлары – Каракол шаарындагы 22-шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;

2005-2009-жылдары – Президенттик аппараттын коргоо жана коопсуздук иштери боюнча уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн эксперти;

2009-2010-жылдары – Коопсуздук жана укук коргоо маселелери боюнча президенттин мамлекеттик кеңешмесинин инспектору;

2010-жылдын апрель-декабрь айлары - Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинде аппарат башчы;

2011-2013-жылдары – Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары;

2013-2016-жылдары – Өкмөткө караштуу геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору;

2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

2017-жылдын август-ноябрь айлары вице-премьер-министр.

2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызмат боюнча 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
naera
2017-12-21 11:45:01
Жанылыктан Зилалаевди гана окуп калдык эле.Кетсе кайра келбесин.Чоп Чон эле киши ушундай жоруктары менен таанылса уят эле.
+5
Too-tash
2017-12-21 12:18:26
Отставка менен чектелбеш керек!!! Сени камаш керек Зилалиев, 5-10 жылна камаш керек!!!
+3
bars_wire
2017-12-21 12:18:59
ИИМдин геологияга кандай тиешеси бар.жон эле акча кылуу учун отурушат акмактар.
+2
futboler
2017-12-21 13:14:08
Жаңылык бомба го
0
KGstan1981
2017-12-21 13:35:14
Бул спектакальга ишенбегиле.Зилалиев тергоодон акталып чыгат.Анан кайрадан бир майлуу суттуу бир жумушка кайра келет.
0
almanbetperm
2017-12-21 16:19:46
KGstan1981,иса омуркуловго окшопбу,))))))
0
Azatbek83
2017-12-21 15:13:01
Жогол!!!
+4
Dalil
2017-12-21 15:28:03
Биротоло кетсеңиз да капа эмеспиз. Ансыз да жасаган ишиңизден дайын жок. Шайлоого жакын Сокеге үгүт иштерин жүргүзүп жибергенин кошпогондо. Албетте биз аны майлуу сүттүү бир жерден орун үчүн жасаган иши деп түшүнөбүз.
+2
sladkaja_konfetka
2017-12-21 16:04:09
Кеткени жакшы болуптур!
+1
juma11anara
2017-12-21 16:14:13
Кайсы жерге барбасын жалаң башкаруучу болуптурго. Аткаруучу деген эмне экенин билбейт көрүнөт.
+1
jasgul
2017-12-21 17:07:51
Дарак бир жерден когорот дегенди билбеген неме окшойт. Секире бериптир-секире бериптир, бир жерде туруктуу узакка отурган жылы аз. 2- эмгек китепчеси ачылайын деп калыптыр го. Демек ото нужный человек же....
0
ksb
2017-12-21 18:40:28
Тергөө аяктаганча эле еетем деп турбайбв,значит кайра эле келет экен да..Тергөө болсо мунун пайдасына чечилери айдан ачык иш..
0
Medina87
2017-12-21 21:58:00
Озу ИИМдин такшалган кызматкери болуп туруп бул окуянын фигуранты болуп калганы тан калычтуу...
0
taalay25
2017-12-22 00:10:09
Фигуран Бомба экен деп тийишем кызга деп бутунун астындагы Минаны басып алганын билбей калды го
0
talaa11
2017-12-22 01:21:28
Жакшы болуптур ошондон аары кеттчи козго корунбой,бироонон болсода кутулдук жепжутаарлардан
0
admin_superstan
2017-12-22 13:35:00
Akshumkar, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан