SUPER.KG порталына Чүй облусунун тургуну Сүйөркул Матиев кайрылып, аны унаасы менен сүзүп кеткен адам чыгымдарды төлөөдөн баш тартып жатканын айтып, көйгөйүн чагылдырып берүүнү суранды.
Айтымында, ал жол кырсыгына кабылгандан кийин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык болбой, тергөөчүдөн кагуу жегенин дагы кошумчалады.
"Жашым 42де, үй-бүлөм менен Аламүдүн районундагы Теңдик конушунда турабыз. 4 баланын атасымын. Бишкектин четиндеги курулуштарда иштечүмүн. Ушул жылдын 9-апрелинде түнкү саат 12лерде жумуштан келе жаткам. Шаар четиндеги айланып өтүүчү жолдон өтүп, бут кийимимдин боосун байлап жатсам унаа келип сүзүп кетти. Калганы эсимде жок. Каракуш мээм жабыркап, 3 күн комада жатып калыптырмын. Эсиме келгенден кийин мени 19 жаштагы Дайырбек аттуу жигит сүзүп кеткенин билдим. Өзүн Дайырбектин апасымын деп тааныштырган Токтохан айым ооруканага келип "дарыланууга кеткен бардык чыгымдарыңды төлөп берели, жалгыз балам камалып кетпесин, милицияга арыз жазбай эле койчу" деп суранганынан макул болуп арыз жазган эмесмин. "Сүзүп кеткенибиз чын, бардык чыгымдарын төлөп беребиз" деп нотариус аркылуу түшүнүк кат жазып беришкен.
Башында жакшы эле жардам берип жатышты. Мага жасалган биринчи операцияга, дары-дармектериме кеткен чыгымдарды төлөп беришкен. Бара-бара чалууларыбызга жооп бербей, кача башташты. Кийинчерээк Качыбек Абелдиев аттуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү келип, "тосмо арыз жазып бер" деди. Тосмо арыз жазсам иш жабылып каларын билип, баш тарттым. Тергөөчү ачууланып "сен арыз жазып бербесең деле ишти жабабыз" деп кетип калды. Эмне болгонун түшүнбөй калдым. Тергөөчү кеткенден кийин Токтохан айымга телефон чалсам, "ырас болот, эми колуңдан келгенин кылып ал!" деп телефонду коюп салды. Ишти башка тергөөчүгө өткөрүп берүүсүн суранып Аламүдүн РИИБинин башкы прокуроруна арыз жаздым. Бирок башка тергөөчүгө өткөрүп беришпептир", - деди каарманыбыз.
Мындан сырткары Матиев алган жаракаттарынан толук айыга электигин, ден соолугуна байланыштуу иштебей калгандыктан жубайынын тапканы дарыланууга эмес, батирге төлөгөнгө жетпей жатканын кошумчалады.
"4 балам менен батирде турабыз. Жубайым "Дордой" базарындагы өтмөктөрдү шыпырып акча табат. Анын тапканы эч нерсеге жетпей жатат. Ай сайын дарыгерге көрүнүп турушум керек эле. Каражаттын жоктугунан ооруканага бара албай жүрөм. Декабрь айында экинчи жолу операция жасалмак. Ага кайдан акча табам, билбейм. Кырсыкка өзүм күнөөлүү болсом да мейли эле, жол четиндеги жөө адамдар басуучу тилкеден сүзүп кетип жатпайбы. Мени сүзгөн бала калың көз айнек тагынат экен. Айдоочулук күбөлүгү бар же жогун дагы айтпай коюшту. Кырсык кандайча болгонун көргөн 10дой күбө менен байланышым бар. Алар "болгонун болгондой айтып берүүгө даярбыз" деп турушат. Сиздерден адилеттүүлүктүн орношуна жардам берүүңүздөрдү суранат элем", - деди жабырлануучу.