Балдар үйүндө тарбияланган кыз: "Апам, андан кийин таенемдин көзү өтүп кетти. 8 жашымдан бери балдар үйүндө баш калкалап келем"

Чүй облусунун Токмок шаарындагы үй-бүлөлүк типтеги "Бактылуу балалык" балдар үйү 12 жылдан бери иштеп келет. Бул жакка кароосуз калган, үй-бүлөлүк шарты оор же тоголок жетим калган балдар кабыл алынат.

Бүгүнкү күндө кароосуз калган балдар үйүндө 14 бала тарбияланат. Анда тарбияланган балдар, кыздар кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөп, бири-бирине жөлөк болуп, тарбияланып жатышканын көрүп кайттык.

Жетекчиликтин айтымында, аталган үйдө акыркы 10 жылдан бери жашап келе жаткан балдар бар. Алар орто мектепте билим алып, кошумча ийримдерге барышат. Алардын бири - 18 жаштагы тарбиялануучу.

"Мен бул балдар үйүнө 8 жашымда келгем. Апам төрөлгөнүмдө эле каза болуп калып, таенемдин колунда чоңойдум. Кийин ал дагы каза болуп калды. Үч бир тууганбыз. Эжем менен агам Бишкекте иштешет, келип менден кабар алып турушат. Таенем каза болгондон кийин туугандарымдын үйүнө бата алган жокмун. Алар өздөрүнүн балдарын багышы керек да. Азыр алар менен телефон аркылуу байланышып турам. Өзүм Токмоктогу балдар үйүндө жашап, мектепти бүттүм. Учурда Токмок шаарындагы колледжде 3-курста окуйм. Кесибим боюнча педагогмун. Келечекте көп тил билген, көп өлкөнү көргөн билимдүү инсан болгум келет. Ал үчүн быйыл тапшыра турган Жалпы республикалык тестирлөөдөн көп балл алышым керек. Азыр отурсам-турсам дагы тесттен көп балл алууну ойлонуп жатам. Себеби мен окуй турган лингвистика факультетине акысыз окуу үчүн 160тан жогору балл керек деп айтышты. Ансыз деле менин контрагымды ким төлөмөк эле", - деди ал.

Үй-бүлөлүк типтеги балдар үйү сырттан караган кишиге кадимки эле чоң бүлө жашаган үйдөй көрүнөт. Ар бир буюм иреттүү коюлуп, андагы тарбияланып жаткан балдар өз үйүндө жүргөндөй ээн-эркин жүрүшөт. Жетекчинин айтымында, 12 жыл аралыгында 89 бала тарбияланып чыккан. Ошондой эле учурда балдар үйүндө 7 жумушчу эмгектенет.

"Бул борборго ата-энеси тарабынан кароосуз калган же ар кандай үй-бүлөлүк оор шартта жашаган балдар алып келинет. Арасында тоголок жетимдер да бар. Алгач балдар 6 айлык мөөнөт менен келишет. Себеби ал учурда, балким, ата-энеси же туугандарынын жашоо-шарттары оңолуп, баланы кайра алууга дареметтери жетип калабы деген талап каралат. Бирок бизге келген балдардын тагдыры ар башка болот. Балдар үйдө кадимкидей сабак окуп, тарбиячыларга жардам берип, тамак жасап, кир жууп, үй иштерин жасашат. Быйыл корообузга балаты тигип, көрктөндүрүү иштерин жасадык. Анан дагы гүл өстүрүп, Токмокто өтүүчү концерттерде сатып, азыраак каражат чогулттук. Биздин туруктуу демөөрчүбүз жок. Каалоочулар келип колунан келген жардамын беришет. Биз аларга эмнеге муктаж экенибизди айтып турабыз. Учурда курулуш материалдарына муктажбыз. Балдарга ыңгайлуу шарт түзөлү деп үйдүн ичине даараткана киргизгенбиз. Мындан тышкары жуунчу бөлмө жана ашкана кошконбуз, учурда каражаттын жоктугуна байланыштуу ишибиз аягына чыкпай токтоп турат. Оңдоо-түзөө иштерин жасайбыз деп 130 миң сом карыз болуп калдык", - деп билдирет балдар үйүнүн директору.

"Бактылуу балалык" балдар үйүнө көпчүлүк учурда окуу башталганда жана кыш түшкөндө балдар агылып келе баштайт. Анткени күн сууктап баштаганда ата-энелер жылуу жай издеп, балдарына турак жай таба албагандар балдар үйүнө таштоого мажбур болушат. Кээде балдарына күбөлүк албай койгон же аты-жөнү туура эмес жазылып калган учурлар кездешет. Документинде катасы барлар мектепке кире албай көп убара болушат. Ошондо балдардын үй-бүлөлүк абалы билинип калат. Жакында эле ушундай окуя катталганын балдар үйүнүн жетекчиси айтып берди.

"Баланын апасы жакшы сүйлөй албайт экен. Ал төрөтканадан аты-жөнүн айтса, туура эмес жазып коюшуптур. Азыр бир тамганын айынан канча кыйынчылыктар жаралып жатат. Жакында бала 8ге чыгат, мектепке кабыл албай коюшат. Ошондуктан документтерин мүмкүн болушунча эртерээк бүтүргөнгө аракет кылып жатабыз. Бул бала башкаларга салыштырмалуу кеч көндү. Жаңыдан көнүп келе жатканда атасы келип, дарбазадан ашып өтүп, баласын алып качканга аракет кылды. Ошондон кийин корообуздун тосмоосун бийиктеттик. Эми мындан ашып түшө албастыр", - дейт ал.

Аянычтуу тагдырга кабылган жаш өмүрлөрдүн бир күндүк турмушу менен таанышып, кетип жатканыбызда 3 бир туугандын апасы белегин, кыздарына деген тамак-ашын көтөрүп келди. Балдар үйүнүн директору балдардын жакындары байма-бай келип турарын, айрымдарыныкы такыр келбей турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baku88
2018-12-10 20:58:51
Кудайым ай эч бир баланын эне атасынан ажырап көз жашы акпасынчы
+6
nazarnew
2018-12-10 21:26:09
Ушундай балдарга жардам жакшылык кылгандар түз гана бейишке барышса керек.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан