Бюджетке зыян алып келди делген мамлекеттик кызматкерлердин иши боюнча сот отуруму болбой калды

Өз ара келишим түзүп республикалык бюджетке зыян алып келди делген 13 мамлекеттик кызматкердин үстүнөн козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Бирок 10-декабрга белгиленген бешинчи сот отурумуна айыпталып жаткандардын бирөөсү келбей калып, сот 14-декабрга жылдырылган. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Ушул жылдын июль айында Бажы кызматынын, Экономика министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине "алдамчылык", "жеке ишкердин салык жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча кылмыш иши ачылганы кабарланган.

Алар ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товар ташыган жеке ишкер менен биригип алып чет өлкөгө импорттолгон товардан төлөнүүчү салыкты жашырышкан. Ишкер 2017-жылдын август айынан бери өлкөдөн 86 миллион сомдук товар чыгарып, бирок салык төлөгөн эмес. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 10 миллион 399 миң 474 сом зыян келтирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан