Нарында үй-бүлө мүчөлөрү куран окутканга кеткен убакта үйдө калган 3 небереси иске ууланып экөө каза болсо, бири ооруканага жеткирилди

Нарын облусунун 8-Март айылында мештен чыккан иске ууланып, 18 жана 7 жаштагы балдар каза болуп, 3 жашар бала ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Мурат Кожоканов SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 8-декабрдан 9-декабрга караган түнү аталган айылдагы үйлөрдүн биринде болгон.

"Үй-бүлө мүчөлөрү бул күнү Нарын шаарына куран окутканга келишиптир. Алар үйдөгү эки небересин карап туруу үчүн аталган айылдагы жээн небереси болгон 18 жаштагы Ч.Б.ны үйүнө калтырып кетишкен. Үйдө калган балдар көмүрдү суулап жаккан соң мештин эшиги чала чабылып калган. Эртеси, тактап айтканда, 9-декабрь күнү түш чендерде үй-бүлө мүчөлөрү келип, үйдүн эшигин ача алышпай талкалап киришкен. Алар кирер замат үй ичиндеги туманды, ал эми неберелери иске уланып каза болгонун көрүшкөн. Аларга алгачкы жардам көрсөтүлгөн убакта 3 жаштагы наристе бир аз дем алгандыктан Нарын районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда абалы туруктуу деп бааланууда", - деди ал.

Каза болгон 7 жана ооруканага түшкөн 3 жаштагы баланын ата-энеси бир апта мурун Орусияга иштегени кеткени маалым болду.

Бүгүн, 11-декабрда маркумдар жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Defend.
2018-12-11 17:50:10
Байкуш наристелер, быйыл эмне мынча көп жаш-жеткинчектерибизден айрылдык?! Ата-энелер балдарына анча деле көңүл бурбай калганбы, түшүнбөйсүң!
-1
BoDiNur
2018-12-11 18:08:28
Кудайым озун сакта
+3
Asylai88
2018-12-11 19:20:55
Балдарга маани бербей калган заман го тообо кылдым. Ошонун ордуна телефону калып кеткенде жакшыраак конул болушмок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан