Ош облусунда жыл башынан бери эрте никеге туруу боюнча 47 факт катталган

Ушул жылдын 11 ай аралыгында Ош облусунун аймагында эрте никеге туруу боюнча 47 факт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, былтыр жашы 18 жашка чыга элек өспүрүм кыздар арасында кош бойлуу болуп каттоого тургандардын саны 54кө жеткен.

"Быйыл турмушка чыккан кыздардын 47си 11 ай аралыгында көз жарды. Ал боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, 6 факт боюнча кылмыш иши козголду. 40 факт боюнча эки тарап арыз жазуудан баш тарткандыгына байланыштуу иштер токтотулган. Турмушка эрте чыккандардын басымдуу бөлүгү оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн кыздары. Алар 9-классты аяктаган соң окуганга мүмкүнчүлүгү жок, анан турмушка чыгышат. Мындай көрүнүштөр жылдан жылга өсүүдө. Алардын 2-3 пайызы диний көз караштагы үй-бүлөлөрдүн кыздары. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мектепте 11-класска чейин окууну милдеттендирүү сунушу киргизилген. 2010-жылдан тарта жаш үйлөнгөндөрдүн саны кескин өстү", - дейт Ашырбаев.

Белгилүү болгондой, мындай көрүнүш эркек балдар арасында да бар. Былтыр 18 жашка чыга элек өспүрүм үйлөнгөн бир нече факт катталып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан