Депутат транспорт министринин орун басары пара алганга шектелип кармалып жатса, премьер-министр оюн билдирбей жатканга нааразы болду

Депутат Абдывахап Нурбаев транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев пара алганга шектелип кармалып жатса, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев оюн билдирбей жатканга нааразы болду. Бул тууралуу ал пикирин бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Транспорт жана жолдор министринин орун басары 500 миң доллар пара алып кармалып жатса премьер-министр оозун ачпай отурат. Өкмөттү эмнеге шайладык? Транспорт жана жолдор министринин уяты болсо отставкага кетиши керек. Премьер-министрдин ою барбы? Ал "эл журт ит болдук" деп пикирин билдирбейби", - деди депутат.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев премьер-министр бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынына келе турганын эске салып, ошондо оюн айта турганын кошумчалады.

Буга чейин министр Азимкан Жусубалиев "Тоdini" (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан учурда УКМК тарабынан кармалып камакка алынган. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алганын, калган бөлүгүн да кийинки апталарда алууну пландаган.

Транспорт жана жолдор министринин маалыматына караганда, ушул жылдын сентябрь айында Нарындагы Эпкин-Башкууганды аймагындагы унаа жолдун 70 чакырымын курууга тендер өтүп "Todini" компаниясы утуп алган. Ал 70 чакырым жол Түндүк-Түштүк жолунун 2-фазасынын 3-участогу болуп саналат. Тендердик комиссияга Жусубалиев өзү төрагалык кылган. Комиссия курамында Финансы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңеш жана биздин кызматкерлер болгон.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов SUPER.KG'ге пара менен кармалган орун басары министрликте коррупцияга каршы күрөштүн башында турганын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан