Эң ири өлчөмүндө пара алмакчы болгон кыргыз чиновнигинин соту башталды

Бүгүн, 20-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча соттук отурум башталды.

Соттук отурумга айыпталуучулардын жакындары келишти. Бүгүн соттук иштин биринчи отуруму өтүп жатат.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 5-декабрында транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев "Тоdini" (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып камакка алынган. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алганын, калган бөлүгүн да кийинки апталарда алууну пландаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2019-05-20 11:52:00
Бул орун басары ушунча алса анда берки начальниги деле куру кол калбаса керек, жашылбайлардан анын чонтогуно да тушкондур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан