Ири суммадагы пара талап кылууга шектелген Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары тагылган айыпты моюнуна алган жок

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ири көлөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Сотто Азимкан Жусубалиев менен кошо тууганы Болотбек Токтобаев жана Бехруз Гулрузовдун иши каралууда.

Бүгүнкү отурумда негизги күбө болгон Т.Жаппасов суракка алынды. Ал ири көлөмдөгү акчаны айыпталуучуларга алып барып берген адам. Ал транспорт министрлигинде жана тендер жүргүзгөн компанияда иштебейт. Бул иште ортомчу болгон. Бирок акчаны Азимкан Жусубалиевге эч кандай кызыкчылыгы жок эле бергенин айтууда.

Ал эми Жусубалиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев бул козголгон кылмыш иште суроолор көп экенин баса белгилейт.

Анын айтымында, Азимкан Жусубалиевге тагылган айып негизсиз, ошондой эле тергөө иши дагы жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөн. Жактоочу Жусубалиев эч кандай пара алган эместигин айтат.

"Ири көлөмдөгү акча - бул болгону сөз. Так айтканда бул иш укук коргоо органдары тарабынан атайын жасалган. Себеп дегенде негизги күбө Жаппасов эч бир тендерге тийиштиги жок адам. Ал эч жерде иштебейт. Анын көрсөтмөсү тергөөдө жана сотто эки башка болууда. Биз андан акчаларды эмне себептен бергенин сурадык. Ал "эч кандай кызыкчылыгым болгон эмес" деп жатат. Анда ал акчаны эмнеге берет. Пара катары берилди делинген акча дагы табылган жок. Менин оюмча Жаппасовду дагы кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Себеби ал ортомчу болгом дейт. Анда эмнеге ал дагы камакка алынбайт. Бул жерде түшүнбөстүктөр көп. Ошондой эле тергөөдө тендерди утуп алган компания пара катары берилди делген акча биздики эмес деп жатат. Анда кимдики? Тергөөдө аталган компания акчаны тендерден жеңүү үчүн Жусубалиевге бергени айтылган. Бирок ал компания азыр ошол жолду салып эле иштеп жатат. Эгерде бул жерде мыйзам бузулуп, Жусубалиев компаниядан тендерден жеңиши үчүн акча алган болсо, анда утуп алган тендерди жокко чыгарып, кайра башынан тендер жарыяланышы керек болчу да", - дейт жактоочу Бабаев.

Ошондой эле тергөөдө парага берилген акча дагы кимдики экени аныкталган эмес. Ал эми компания акчаны биздики эмес деп билдирген.

Бул иште дагы 5-6 күбө суракка алынат.

Соттук отурумда Азимкан Жусубалиев күнөөнү моюнуна алган жок.

"50 миң долларды алып жатканда кабинетте Жусубалиев болгон эмес. Ал жакта тууганы Болотбек Токтобаев жана башка дагы адамдар болгон. Алар акчаны бизнес кылуу үчүн алышкан. Кийин акчаны сактап туруу үчүн Азимкан Жусубалиевдин үйүнө алып барышкан. Бирок Жусубалиев үйүнө барганга чейин акчаны алып чыгып кетишкен", - деп билдирди Бабаев.

Кийинки соттук отурум 23-майга жылдырылды.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 5-декабрында транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев "Тоdini" (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып камакка алынганын УКМКнын басма сөз кызматы тараткан. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алган, калган бөлүгүн кийинки апталарда алууну пландаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dosym
2019-05-20 15:32:33
Ушундай да болосуңарбы э кармалганда эле эч нерсени билбей калышат, атын ким десе билбей, жооп бер башын менен,
0
elchi84
2019-05-20 16:59:00
Ааа болду эми мойнуна албайт да бул дагы политика акча берип кутулуштун амалы карапайым адам болгондо башына кап кийгизип ура берип алдырып жиберет болчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан