Депутат Сулайманов экс-президенттерге кол тийбестик боюнча ченем учурда кимдерге иштеп жатканын сурады

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов экс-президенттерге кол тийбестик боюнча ченем учурда кимдерге иштеп жатканын сурады. "Бүгүнкү күнү 4 экс-президентибиз бар. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев. Бүгүнкү күндө экс-президенттерге кол тийбестик ченеми кимдерге иштеп жатат?" - деп сурады Сулайманов.

Депутат Курманкул Зулушевдин айтымында, эки экс-президенттин гана экс деген макамы бар. "Сиз 4 экс-президенттин статусу бар деп айттыңыз, чындыгында эки экс-президенттин гана статусу бар. Акаев, Бакиевдин экс-президент деген статусу жок", - дейт Зулушев.

Сулайманов: "Ошондо эки экс-президент жана келечектеги экс-президенттердин кол тийбестиги жок болот экен да", - дейт.

Учурда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору каралууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан