Астротөлгө: 14-декабрь күнү принципке турган адамдар төрөлөбү?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

14-декабрь күнү төрөлгөндөр принципке турган, алдына койгон максатына тобокелге баруу жолу менен болсо да жете билген адамдар болушат. Ал тургай башкалардын өмүрүнө кооптуу абал жаралса өзүн ойлобостон туруп куткарууга шашылат.

Аракетчил болгондуктан кандай жумуш болсо да иштеп кете алышат. Бирок булардын кемчилиги катары мүнөзүнүн жумшактыгын эсептесек болот. Бирок муну алсыздык катары санап, көпчүлүккө көрсөтө бербейт.

Адамдар менен тил табышуусу, ачык-айрым сүйлөшүүсү алардын ошол күнкү маанайынан көз каранды. Сентименталдуу келип, принциптерине туура келбеген адамдардан жаа бою качышат.

Анткен менен жеке жашоосунда үй-бүлөнүн таянычы, ишенимдүү коргоочусу боло алышат. Мыйзам боюнча иш жүргүзүүнү туура көргөн мындай адамдар бардык пикир келишпестикте, чыр-чатакта мыйзамга таянуу менен жеңип чыгышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан