2018-жылдын 10 айында 444,7 миллион доллар өлкөдөн чыгарылып кеткен

2018-жылдын 10 айында 444,7 миллион доллар өлкөдөн чыгарылып кеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул каражат өткөн жылдагы ноябрь айына чейинки көрсөткүчкө караганда 22,4 пайызга көп.

10 ай ичинде өлкөгө агылып келген акча каражаттарынын саны 2 миллиард 243 миллион долларды түзөт. Өлкөгө кирген жана чыккан каражаттардын басымдуу бөлүгү Орусия менен байланыштуу. 10 айдын ичинде Орусияга которулган акча 441,2 миллион долларды түзсө, Орусиядан өлкөгө кирген акча 2 миллиард 203 миллион далларга жеткен. Ал эми коңшу Казакстандан которулган акчанын көлөмү 2 миллион 100 миң доллар болсо, 1 миллион 300 миң доллар чыгарылып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан