26 жаштагы америкалык ырчы жана актриса Майли Сайрус 28 жаштагы Лиам Хемсворт аттуу австралиялык актёрго турмушка чыккандыгы тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Бул үлпөт той жылдыздардын жакын адамдарынын курчоосунда гана өттү.
Сайрус менен Хемсворттун үйлөнүп жаткандыгы алардын жакын досторунун бири социалдык тармактагы жеке баракчасына сүрөт жүктөгөндөн кийин белгилүү болгон. Ал эми түгөйлөр бул тууралуу үн катыша элек.
Айта кетсек, Майли Сайрус менен Лиам Хемсворт 2009-жылы кыз-жигит катары сүйлөшүп, 3 жылдан кийин үйлөнүшөрүн жар салышкан. Тилекке каршы, сүйүшкөндөр 1 жылдан кийин мамилесин токтотушкан. 2016-жылы кайра табышып, мамилеси тойго жетерин маалымдашкан.