Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү узап бара жаткан жылдагы үрөй учурган, ошол эле мезгилде жүрөк ооруткан окуялардын бири болуп калды. Жаңы гана 20 жашка чыгып, келечек максатына талпынган кыздын болгондо да милиция бөлүмүндө, укук коргоо кызматкерлеринин карамагында киши колдуу каза болушу коомдо ар түрдүү пикирлерди жаратты.
Каргашалуу ала качуу
Окуя 27-майдан 28-майга караган түнү Жайыл РИИБинин жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө болгон. Болжол менен саат 22:00 чамасында Биринчи Май РИИБине 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени боюнча маалымат келип түшөт. Ошол замат кызматкерлер унаа жолдогу ар бир постко ала качуу боюнча кабар таратат. Көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны 29 жаштагы Марс Бөдөшов башкарып келе жаткан. Машинанын ичинде 30 жаштагы Акмат Сейитов жана 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Жайыл РИИБине аталган жарандарды жеткирип, кабыл алуу бөлүмүнө 20 жаштагы Бурулайды киргизип коюшкан. Кандайдыр себептер менен ал бөлмөгө Марс Бөдөшов кирип, эшикти ичинен бекитип алган. Бөлмөдө уруш-талаштын дабышы чыкканынан улам эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери жерде канжалап жаткан кыз менен баланы көрүшкөн.
SUPER.KG порталы алгачкылардан болуп эки тараптан окуя боюнча комментарий алган. Анда кылмышкер Марс Бөдөшов иштеген 240-маршруттук каттамдын айдоочулары биринчи болуп Бурулай менен Марс кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн деген маалыматты беришкен. "Марс 27-майда 6 жолу каттамга чыгып, кечки саат 6дан өткөнгө чейин иштеген. Ал ишине так жана адамдар менен сый мамиледе болгон. Ошондой эле 3 жылдан бери каза болгон кыз менен сүйлөшүп жүргөн, ал эми кыздын туугандары бул балага турмушка узаткылары келбей жүргөн", - деп айтып беришкен.
Дүрбөлөңдүү окуя социалдык тармактарда, эки адамдын башы бириккен жердин баарында айтылып, көбү табышмактуу өлүмдүн жандырмагын өз ара болжолдоп жатышты. Алмончоктой кызынан ажырап, каңырыгы түтөгөн Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев окуяны ошол убакта мындайча айтып берген.
"Кечкурун жаныбыздагы дүкөнгө кызымды айран алып келүүгө жумшай калганбыз. Дүкөн үйдүн жанында. Арадан 2 мүнөт өткөн соң эшикте ызы-чуу болуп кетти. Чуркап чыксам бир машина үйдүн жанынан айланып жүрүп кетти. Артынан чуркап жетпей, кайра машина менен кууп чыктым. Артынан жетпей турганымды түшүнүп, милиция кызматкерлерине телефон чалдым. Милиция кызматкерлери келип, биз алар менен унаа базарына чейин чогуу бардык. Ал жерде 2 саатка чейин кармалып, андан соң арыз жазуу үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Жазылган арыз боюнча бардык постторго кабар жөнөтүлгөндүктөн бизге бат эле "кармалды" деген кабар келди. Мен тергөөчү аркылуу кызым менен сүйлөштүм. "Кызым эч жериң эч нерсе болгон жокпу" десем, "ата, мен жакшымын" деди. Андан соң мени РИИБдин кызматкерлери ыкчам-тергөө тобу менен Кара-Балтага жөнөтүштү. Алгач Кара-Балтанын ооруканасына келдик. Мага милиция кызматкерлери "ала качкан бала колго түшкөндө милицияларга кол көтөргөндүктөн кичине уруп коюшуптур. Азыр ооруканадан аны ала кетели" дешти. Бирок ал жерде шектүү бала эмес, менин кызым 3 жеринен бычак жеп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан экен. Бычак менен жүрөккө, ичине жана кекиртегине сайыптыр. Көрсө, бул кабарды мага угуза албай жатышкан экен да", - деген маркумдун атасы.
Бул окуя боюнча Жайыл РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча иш козгоп, шектүү жана анын жанындагы досу камакка алынып, тергөө иштери башталган. Ал эми ошол түнү нөөмөттө болгон Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алгачкы суракка Жайыл райондук прокуратурасына чакыртылышкан. 29-майда окуя боюнча маалымат жыйын болуп, анда Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев "бычакты Марс Бөдөшов байпагына катып кирип, окуя 1 мүнөткө жетпеген аралыкта болгон", - деп билдирген.
4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча Ички иштер министрлиги 23 милиция кызматкерине чара көргөн. Анда 5 кызматкер жумуштан биротоло кол жууса, 8 кызматкер кызмат орундарынан боштулган. Үчөө сөгүш алып, 7 кызматкер эскертүү алган. Алардын катарында маалымат жыйын берген Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев да болгон. Ал эми Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча 5 кызматкерине кылмыш ишин козгогон.
Марс Бөдөшов апасына каргаша болгон күнү Бурулайды ала качып бара жатканын айткан эмес
"27-май күнү жүрөгүм эмнегедир башкача боло берди. Уйкум да келбейт. Марс менен чогуу жашаган балама чалсам, "балаңыз жакшы жүрөт" деп койгон. Мага кызды ала качып кеткенин шаардагы балдарым саат 22:30да айтышты. Эми эмне болот деп санаам санга бөлүнүп күтүп отура бердим. Жолдошум түн жарымында жайлоого чабанды көчүрүп кетти. Орозо айы болгондуктан ооз бекитип жатып уктап калыптырмын. Таңкы саат 5:00 чамасында суук кабар келди. Андан кийин баарыбыздын жашообуз өзгөрдү, эми минтип туңгуюкта турабыз. Уулум менен Бурулай 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөн. Биз кызга сөйкө салып барарыбызды айтканда анын ата-энеси "күзүндө алып кеткиле" деп койгон. Бирок ага болбой 4-майда Марс Бурулайды ала качкан. Бирок орто жолдон Бурулайдын ата-энесинин каршылыгынан улам кайра артка кайтып келишкен", - дейт уулу түрмөдө отурган эне.
Тергөө убагында Бурулайдын атасы кызын жерге берер алдында аны майрам сууга алышканда кызынын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу бар болгондугун айтып чыккан. Бирок Чүй ОИИББи экспертизада денеде эч кандай жазуу болгон эмес деген жыйынтык чыгарган.
Жайыл РИИБи Бурулайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин 3 ай тергеди. Ал убакта өзүнө да бычак сайган делип оор абалда ооруканада жаткан Марс Бөдөшов СИЗОго которулду. 5-сентябрда Жайыл райондук соту биринчи соттук отурумду өткөрдү. Бирок эки тараптын келтирген өтүнүчүнүн негизинде кийинки отурумдар Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотуна которулду. 9-октябрда болгон экинчи отурумда айыпталуучу Марс Бөдөшов судьянын "күнөөнү толук моюнуңа аласыңбы" деген суроосуна "Мен күнөөнү жарым-жартылай моюнума алам, тактап айтканда, кызды ала качканымды моюнума алам, бирок Бурулайга бычак сайган эмесмин" деп жооп берген. Ал эми анын досу Акмат Сейитов күнөөнү моюнуна албай турганын айткан.
Соттук отурумда жалпысынан 20дан ашык күбө суралып, алардын арасында Жайыл РИИБинин тергөөчүсү, криминалдык эксперт, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер да болду. Алар берген көрсөтмөдө эч кимиси Марс Бөдөшов кыздын бөлмөсүнө кирип баратканын көрүшкөн эмес. Алар болгону ызы-чууну угуп эшикти талкалап киргенде гана кыз менен баланын бычактан жаракат алып жатканын көрүшкөн. Соттук отурумга көрсөтмө берүү үчүн келген Жайыл РИИБинин Криминалдык милициясынын эксперти Эрмек Саманчиев кызга сайылган бычактан бармак издерин алган эместигин айткан. Анын себебин нес абалда болгондугу менен түшүндүргөн. Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, тергөөдө жана соттук отурумда Бурулайга сайылган бычактын узундугунан айырма чыккан. Ошол эле учурда соттун акыркы отурумунда дагы судья бычак кайдан келгендиги аныкталбай калганын айткан.
Соттук процесс 2 айга уланып, өкүм 11-декабрда чыкты. Анда Свердлов райондук соту соттолуучу Марс Бөдөшовду Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен 7 жыл, 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча 18 жылга эркинен ажыратып, 59-берененин негизинде белгиленген жазаларды кошуу менен 20 жыл күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан. Ал эми "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитов 7 жылга кесилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү айтылган.
Айыпталуучу тарап райондук соттун чыгарган чечимине нааразы болуп, шаардык сотко кайрылган.
Ал эми Жайыл РИИБинин "шалаакылык" беренеси менен айыпталып жаткан 5 кызматкери, тактап айтканда, тергөөчү, конвой, нөөмөт бөлүмүнүн жана 2 жол кыймылынын кызматкерлеринин иши учурда Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат. Маркум Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлердин күнөөсү жок экендигин айтып, аларга карата тосмо арыз жазып берген. Сот арызды ишке тиркеп, соттук отурумдун аягында чечим чыгара турганын айткан.