Милиция бөлүмүндө каза болгон Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум эртең уланат

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө. Соттук отурумда алгачкылардан болуп Бурулай Турдали кызын ала качып бара жаткан Марс Бөдөшов жана Акмат Сеитовду Жайыл РИИБине алып келген Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкер күбө катары суралууда.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Майлубаев Бактиярга "Эгер эшиктин ачкычы сизде болсо, эшик кантип жабылып калды?" деген суроону берди. Бирок ал жооп бере албаган жок. Ал: "Айыпталуучу кармалган учурда кыз менен эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөм, ата-энеси макул болбогондуктан ала качтым деп жооп берген", - деди.

Жайыл РИИБиндеги нөөмөт бөлүмүнүндө иштеген кызматкер Нияз Иманалиев өз көрсөтмөсүндө Бурулайды бөлмөнүн ичине киргизип, Марс менен анын досун эшикке чыгарып жибергенин айтты. Кийин бычакты окуя болгон жерден алып чыгып аны өзүнүн иш бөлмөсүнө алып киргенин билдирди. Анын айтымында кабыл алуу бөлмөсүндө видеокамера болгон эмес.

Айыпталуучу тараптын жактоочусунун жумушу чыгып калгандыгына байланыштуу соттук отурум эртең, 18-октябрда улана турган болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан