Бүгүн, 31-декабрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Палестина курамасы менен беттешип, кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу футбол федерациясы кабарлады.
Белгилүү болгондой, оюн Катар өлкөсүнүн Доха шаарында "Qatar SC Stadium" стадионунда орун алды.
Беттеш Азия Кубогуна даярдануу максатындагы өткөрүлүп жаткан окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында өттү.
Оюн эки тараптын келишими боюнча жабык тартипте көрүүчүлөр жана журналисттерсиз өткөн.
Кыргыз улуттук курама командасы 7-декабрдан тарта Катарда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат. Кыргыз футболчулары 20-декабрда Иордания менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңип алса, 26-декабрга караган түнү Катар өлкөсүнө 0:1 эсебинде жеңилип калган.
Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 2-февралда жыйынтыкталат. Кыргыз курама командасы С тайпасында Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен беттешет.