Ушул жылдын 1-январынан тартып Казакстандагы жогорку окуу жайларда студенттерди сырттан окутуу жоюлду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Маалыматка караганда, Казакстандын Билим берүү министрлиги өлкөдөгү билим берүүнүн деңгээлин жакшыртуу максатында ушундай чечимди кабыл алган. Алар жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында сырттан окуган студенттер окууга дайыма келип окуган студенттер алган билимдин 65 пайызын гана үйрөнүшөт. Адам укуктары жана эркиндиктери эксперттик институтунун директору Марат Бешимов жылына 1 айдан 2 жолу сабакка келип коюп, диплом алгандар кийин коомду артка тарта тургандай абалга алып келерин айткан.
Эми Казакстанда сырттан окутуу формасы жоюлуп, анын ордуна "part time" системи киргизилет. "Part time" системи студенттерге кечинде жана дем алыш күндөрдө келип лекция угууга шарт түзөт. Учурда бул системди ишке ашыруу үчүн айрым жагдайлар иштелип жатат. Буга чейин сырттан окууга тапшыргандар окуусун аяктай алышат.