"Өзбекстанда 2019-жыл "Активдүү инвестициялар жана социалдык өнүгүү жылы" деп аталат". Мындай маалыматты Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин парламентте сүйлөгөн сөзүнө шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Азырынча бул жарлыкты Өзбек бийлиги расмий тастыктап, жарыялай элек.
"Активдүү инвестициялык саясат өлкөнү өнүгүүгө, жогорку ийгиликке жеткирерин дүйнөлүк тажрыйба далилдеди. Албетте, инвестициялар өлкөдө жашаган ар бир адамдын жашоосун жакшыртууга сарпталат. Биздин максат - Өзбекстанда жашаган ар бир адамдын улутуна, тилине, динине карабай тынчтыкта жана бакубатчылыкта жашоосуна шарт түзүү. Алар өз жашоосуна ыраазы болушу зарыл", - деген Мирзийоев.
2018-жылды Мирзийоев "Активдүү ишкерликти, инновациялык идеяларды жана технологияны колдоп-кубаттоо жылы" деп жарыялаган.