Кечээ, 18-февраль күнү Тоң районунда Toyota Ist жана Audi C-4 үлгүсүндөгү унаалардын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 69-чакырымында орун алган.
"Унаа кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган. ӨКМнын кызматкерлери жаракат алгандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Сталбек Усубакунов жаракат алгандардын бири да ооруканага жетпей каза болуп калганын кошумчалады.
"Окуя унаа жолдун Ак-Сай айылындагы бөлүгүндө орун алган. Кырсык болгон жерде 63 жаштагы жүргүнчү каза болсо, Audi C-4 унаасынын 28 жаштагы айдоочусу ооруканага бара жаткан жолдо каза болду. Калган жүргүнчүлөр аймактык ооруканага жаткырылды", - деди Усубакунов.