Бишкек-Ош унаа жолунун 420 чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-февраль күнү 09:30 чамасында Кара-Көл шаарында болгон. Анда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Камри унаасы сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасындагы жүргүнчү катары кетип бара жаткан 3 аял киши жаракат алган. Алар Таш-Көмүр шаарындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа жарактан чыккан. Учурда териштирүү иштери башталды.