Интернетте Ак Үйдүн алдына барып атайын түкүргөн жарандын видеосу тарады

Интернетте Ак Үйдүн алдына барып атайын түкүргөн жарандын видеосу тарады. Ал жогорку кызматта иштегендерге нааразычылыгын билдирип, андан соң Ак Үйгө түкүргөн.

"Мамлекет башчыларыбыз чыгарган мыйзамдар Кыргыз мамлекетин оңдой турган болсо, мен дагы өзүмдүн салымымды кошкум келип жатат. Мамлекетти уурдап, жеген, ичкен жана карызга батырган мамлекет башында иштеп кеткендердин, колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына", - деп ал Ак Үйгө түкүрүп салды.

Жаран капчыгынан 5 500 сом алып чыгып "айып пулуңарды алып кеткиле" деди. "Жегич, сүйлөгөндөн башка колунан эч нерсе келбеген адамдардын бетине көптөн бери түкүргүм келип жүргөн. Ошондой мүмкүнчүлүк келди", - дейт ал.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын SUPER.KG порталына билдирди. Ошондой эле басма сөз кызматы жарандын кылган аракети боюнча юридикалык баа бериле турганын маалымдады.

Эске салсак, 1-январда эреже бузуу жөнүндө кодекс ишке кирген. Анда коомдук жайларда түкүргөндөргө 5 500 сом айып пул салуу каралган.

Бишкекте жигит Ак Үйгө түкүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Samar90
2019-01-07 15:07:38
Мен болгондо ак уйгр кучуп салат елем
-1
Abdizhapar
2019-01-07 15:14:47
Бул деген элди которуп Жээнбековду кетириштин бир жолу муну ошого каршы адамдар депутаттарга акча берип закон чыгартып иштеп жатышат
-9
Rystambekkg
2019-01-08 08:18:33
Abdizhapar,Эн Туура Ойлопсун элди Жеенбековго Кантип Каршы чыгырыштын бир системасы де Атанбаевке майдай чагып турсса керек
-3
bond02
2019-01-07 15:15:54
Бизде Кыргызстанда паспорт жанында алып журбойбуз, анан кантип оздугун аныктайт тукургон адамдын, ушул да коррупция азыраак акчасын алат да кое берип жиберет.
+4
Abdizhapar
2019-01-07 15:17:51
Озу чындап честный иштей турган болсо тукургонго штрафты 200сом кылса да 1-2 жолу тологондон кийин тукурбой каласын
+6
elb_2121
2019-01-07 15:33:44
Арак жасаганга,сатканга,ичкенге штраф салса болмок элдин тукуругун пайлабай
+7
rysik79
2019-01-07 15:52:02
Тукурчу жайга тукурду да. Тукурилка кылып алышканы качан.
+7
Alia82
2019-01-07 15:58:14
Ак уйдун аты озгоруп эми тукурилка болот экен да )))
+6
binur5
2019-01-07 16:39:59
Туура эле болду.Паркта базарда жургондо канча адамды козго илбей какырып тукурушот.Ошон учун тукурбо сенден акча эч ким сурабайт.
+3
Aikaaaa
2019-01-07 18:38:23
Кыйын болсо өзүлөрүнүн бетине барып түкүрбөйбү, ак үйгө түкүрбөй. Аны эртең эле биздей эле, карапайым кишилер тазалайт. Чоңдордун башы да оорубайт
-4
Aikaaaa
2019-01-07 18:45:08
Сен таза болсоң, мен таза болсом, анан коом таза болот.
Түкүрүнгөн бул жөн эле привычка, а насвай аткандардыкы башка кеп
+2
al-abu-kinesz
2019-01-07 19:56:11
Акча эле акча деп элдин канын соро бербей коомдук иштерге деле тартса болмок. Айдаганын беш эчки, ышкырыгын таш жарат болбой
+3
PROS
2019-01-07 20:26:08
Насвайын жапжашыл кылып алдыңа түкүргөндөр үчүн жана айланасында элди сыйлабай көк түтүнүн булаткандар үчүн өтө жакшы закон чыгарыпсыңар. Мен каршы эмесмин. Эми ичкендерге жана витринага аракты ачык коюп алып саткандарга штраф салсаңар дагы да колдойт элем.
+3
sher.93.kg
2019-01-07 21:37:41
кокон хандыгынын тушундагы салыктар бери жакта эле калды го чиркин!
+3
Janibek_Mamytov
2019-01-08 08:19:19
120 койдун чыгарган эаконуна түкүрүп туура кылган. Атың чыкпаса жер өрттө дейт. Эркек екен. Азамат.
+2
_adil_
2019-01-08 08:45:35
Молодец эн туура кылгансын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан