Бүгүн, 10-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында Кыргыз-Түштүк Корея беттешинин алдында кореялык футболчулар расмий машыгууларын өткөрдү.
Машыгууларга 19 кореялык футболчу гана катышты. Айрым маалыматтар боюнча, Корея курама командасында 3 футболчу жаракат алып калган жана курамдын мыкты оюнчусу Сон Хын Мин Англияда ойноп жатат.
Машыгуулар ЖМК өкүлдөрүнө алгачкы 15 мүнөт гана ачык болду.
Белгилүү болгондой, Кыргыз курама командасы эртең, 11-январда Түштүк Кореяга каршы "Хазза Бин Зайед" стадионунда беттешет. Буга чейин Кыргыз курама командасы машыгууларды өткөрүп, башкы машыктыруучу Александр Крестинин менен оюнчу Тамирлан Козубаев маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берген.