Бүгүн, 22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында өткөн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма курамасын жеңип алды. Бул жеңиш менен Кыргыз футболчулар 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия Кубогунун финалдык этабына жолдомо камсыздай алды.
Кыргыз курама командасына колдоо көрсөтүш үчүн жолдун узактыгына карабай Сеул шаарынан Инчон шаарына келген Нурсултан Алтыбаев Кыргыз-Мьянма беттеши жана оюн учурундагы сезимдери тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Мен Сеул шаарында жашайм. Инчон бизден 1 сааттан ашык алыстыкта жайгашкан. Активдүү студент катары башка студенттер менен чогулуп, Сеулдан жана башка шаарлардан Кыргыз футболчуларын колдоо үчүн бардык. Чынын айтсам мен футбол ойнобой же кызыкпай калганыма быйыл туура 5 жыл болуптур. 5 жылдын аралыгында волейболго кызыгып ойноп жүрөм. Бирок бүгүнкү күн башкача болду. Тамагыбыз бүтүп, үнүбүз чыкпай калганча кыйкыруу менен бирге футболго болгон сүйүү сезимдер ойгонгондой болду. Же бул өз улутуңдун намысыбы билбейм.
Түштүк Кореядагы Кыргыз Республикасынын элчиси Кылычбек Султан күйөрмандардын сап башында туруп, жарандардын чогулушуна жана стадионго барып колдоо көрсөтүшүнө чоң салым кошту. Элчи өзү баш болуп Кыргыз курамына колдоо көрсөтүп жүрсө, биз болгон дилибиз менен жан үрөп колдобой эмне кылмак элек? "Алга, Кыргыз! Алга, Ак Шумкар!" деген ураандарды көп айтып жаттык. Аз болсок дагы саз колдоо көрсөттүк. Бир дем, бир күч менен Кыргыз футболчуларды колдоп жаттык. Биздин колдоо командага жеңиш алып келсе, алардын жеңиши бизге аябай чоң кубаныч тартуулады. Чынында мыкты даярданышып, мыкты оюн көрсөтүштү.
Кыргыздар Кореяда Мьянманын жарандарына салыштырмалуу кыйла эле азбыз. Бүгүн дагы стадионго аз бардык. Бирок биздин колдоо бизден төрт эсе көп келген мьянмалыктардыкынан дагы күчтүү болду. Алардын командасы жеңилсе дагы, беттеш аяктаган соң бизге куттуктоо сөздөрүн айтканга жарашты. Жеңилүү ызасын татыктуу кабыл алышты.