Ак Үйдүн алдына түкүрүп кеткен жаран Тоң районунда кармалды

Ак Үйдүн алдына барып атайын түкүргөн жаран бүгүн Тоң районунан кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Тоң райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган. Ага өзү видеодо көрсөткөн 5 500 сом айып салындыбы же жокпу азырынча белгисиз.

Бүгүн интернетке Ак Үйдүн алдына барып атайын түкүрүп кеткен жарандын видеосу чыгып, талкуу жараткан. Ал жогорку кызматта иштегендерге нааразычылыгын билдирип, андан соң түкүргөн. Анын бул аракетин сынга алгандар да, колдогондор да болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген эле.

2019-жылдын 1-январынан тартып эреже бузуу жөнүндө кодекс ишке кирген. Анда коомдук жайларда түкүргөндөргө 5 500 сом айып пул салуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
elya82
2019-01-07 23:45:15
Эч кандай кармалбай эле озу барып бердиго
+15
Bazake
2019-01-08 09:38:06
Бул баланын тарбиясы жок экен. Кантип уялбай ушул кадамга барды?
-4
Bishkek_312
2019-01-07 23:52:44
Суперчилер сиздер билип берсениздер бул видного озу тартылып таратты а кочодо тукургон киши 5500 сом толобостун айласын кылып танат болушунча аны кантип мойнуна койушат же тукуругун кошо баштыкка салып экспертизадан откоруп анан штрафты салабы же жон эле тукурдун деп сала береби Бир доказательства болуш керек да жон эле болсо милиция жон эле кармай беришет чонтогундо акча бар экенин билип калышса милицияга ишенич жок.
+10
zhykyo
2019-01-07 23:55:17
Карапйым элдин унун жеткирди деген пикирдемин жеке оюм
+19
Erik2018
2019-01-08 09:24:54
zhykyo, Элдин үнүн эмес, маданияттын эң төмөнкү даражасын көргөздү.
0
kymbatbek
2019-01-08 10:07:24
Erik2018, Сен учун маданияттын эн жогорку корсоткучу миллиондоп акча уурдообу ???
+2
zevs
2019-01-08 00:18:06
Erten kechirim suragan videosu chygat garantiya.
-6
NurAyim2013
2019-01-08 00:48:16
Эң туура кылды.Биринчи мамлекетибизди өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуп койсун,шаарларыбыз таптаза болсун.Ошондо элдер да түкүргөнү уялып калат.А азыр каерди караба мусор!Карыздан кантип кутулуунун жолун табыша албай эле ушул законуну ойлоп табышты да!
+11
Aikaaaa
2019-01-08 07:32:54
NurAyim2013, ошо мусорду да биз ыргытабыз, тазалыкты биринчи өзүбүздөн баштасак жакшы болот эле. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот. Өзүбүздү сыйлайлы, анан сыйга татыктуу болобуз
+5
Erik2018
2019-01-08 09:25:39
NurAyim2013,Биринчи өнүгүү мыйзамдын иштешин башталат. Силерге окшогондор билерман боло беришет.
0
KG.Kushtarbek
2019-01-08 01:29:32
Тукургон бул ен жаман корунушко не приятный корунотко жанындагы адамгада
+5
Luna15
2019-01-08 05:50:08
Бири бирибизлин сыйлаганды билбейбиз,ак уй атасынын сарайы Беле каалаганда барып тукургудой,уят менимче
+2
Dalil
2019-01-08 08:25:59
Колунан кыйкыргандан башка эч нерсе келбеген, жыйынга 20сы келсе да 118и келди деп нагло алдаган, өздөрү үчүн пайдалуу закондорду кабыл алган кытайларды визасыз киргизебиз деген жана түкүргөнү үчүн 5500 сом айып пул салууну мыйзамдаштырган ЖКтин алдына барып түкүрүш керек эле.
+2
Aikaaaa
2019-01-08 12:00:11
Dalil, ошо 120 депутаттын бетине барып түкүргүлө да, анте албайсыңар, колуңардан келбейт. Анан ак үйдүн алды, ЖК нын алды силерге бирдемке кылдыбы
0
Kulpunai.kurstanbekkyzy
2019-01-08 08:27:58
Ак үй бул Мамлекеттики эмес , элдики. Ак үйгө түкүрүү бул элдин бетине түкүрүү. Озун нас чегет же өтө ыплас адамсың ,ошол учун ушул ишке бардын. Ж.о.э ушул мыйзамга каршы чыгып жаткандарга: эмне ушунчалык жийиркеничтүү жашайсыңарбы? Тукурбой койсоңор болбойбу? Түкүрүү силерге жакса , мен коомдук жайда тукургон адамдардан жийиркенем. Бул законду кош колдоп колдойм!!!!
-7
Leilek91
2019-01-08 08:45:34
Ак уй элдики болсо барып кирем деп корчу жакын жолотор бекен
+4
Kulpunai.kurstanbekkyzy
2019-01-08 09:07:52
Leilek91, неге киришим керек ? Теманы каякка буруп жатасын? Чычалап кеттинерби,тукурунуп журо бергиле анда , мен тукурбойм
0
ruslanz
2019-01-08 09:50:46
Kulpunai.kurstanbekkyzy,Сиз бул баланын айтайын дегенин тушунбоптурсуз.
+1
deva
2019-01-08 09:32:51
куйрукту түйүп үйүнө зуу койгон экен да э
+1
ice87
2019-01-08 09:40:24
Тукургондор жийиркеничтуу албетте.Эмне эле чычалап жатасынар?Мамлекет таза эмес деп эле ар жерге тукуро Берген жакшыбы?Уйунорго деле тукуро бергиле анда!Тукурукту колдоп жатсанар.
+1
Asyl10
2019-01-08 18:19:31
Кытайдан карызды кантип кутулуунун айласын таппай, штрафтарды которуп, ошонун эсебинен жабабыз деп ойлоп тапкан чиновниктердин амалы бул.Чонтокторун толтуруп качып кетишти, эми эл аны толоосу керек. Бул жигит Ак уйдун жанына барып тукургону, ошол чиновниктердин амалына элдин нааразылык протести катары корсотту.Ар турдуу адам бар,бири канча кун болсо да тукурбой журо берет, оорукчан адамдар бар,жолдо баратып бадалдын тубуно тукурушко туура келип калат. Алар эмне кылышат?
0
Asyl10
2019-01-08 18:24:12
Негизи штраф салганда адамдардын "прожиточный минимум", маянасынын олчомуно карап, ошонун процентин толотот, Бизде алган маяна,пенсия 3000 ден 10 000 сомго чейин,штрафтар болсо оозду ачырат го. Бул эмне деген экономикалык расчёт? 3-4 баласын таштап алимент толобой качып жургон ата соройлордон алимент ондуро албай анан тукургон адамдан штраф ондуро алышабы. Анда тукурдум эле деп кыргыздын тени абакта отурат окшойт штрафын толой албай.Кыргызстан онукпой эле артка баратат :-(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан