"Эч жакка качпайм". Ак Үйдүн алдына түкүрүп кеткен жаран милиция бөлүмүндө сурак берди

Ак Үйдүн жанына түкүрүп, аны видео аркылуу жарыялап, бийликке кайрылуу жасаган жаран милиция бөлүмүндө сурак берди. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көлдүн Тоң райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция аталган жаран менен профилактикалык максатта сүйлөшүү жүргүзгөн.
Андан кийин эле интернетке Ак Үйдүн алдына түкүргөн жарандын милицияда сурак берип жаткан видеосу тарады. Анда ал жаран атын Рамис деп тааныштырып, 1992-жылы туулгандыгын айткан. Видеодон суракка алынган жаранды 20дан ашуун адам колдоп барганын көрүүгө болот. "Болгонун болгондой айтып, түшүнүк кат жазып бердим. Мыйзам боюнча жоопкерчилик тартууга даярмын. Мени эч ким үгүттөгөн эмес. Элдин үнүн уксун деп ушундай кылдым. Эч кандай уруп-согуу болгон жок. Баарын Бишкектен чечишет экен. Чакыруу болсо ал жакка дагы барам. Эч жакка качпайм", - деген ал сурактан чыккан соң.
2019-жылдын 1-январынан тартып эреже бузуу жөнүндө кодекс ишке кирген. Анда коомдук жайларда түкүргөндөргө 5 500 сом айып пул салуу каралган.
Ак Үйдүн жанында түкүргөн жаран Тоң районундагы милиция бөлүмүндө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
kechirmeni
2019-01-08 10:38:25
штраф десе коркобуз, штраф болбогон ченде деле тукургонубуз туура эмес го туугандар, кокус тукургон адам туберкулез менен ооруса ал тукурук кургагандан кийин абага которулуп башкаларга жугат, келгиле штраф салабы салбайбы озубузду башкаларды ойлоп этиканы сактап тукурунбой эле журолу, тукурбосок бизди эч ким мышыгыбызды пыш дебейт
+11
arawan
2019-01-08 10:40:55
негизи мыйзам туура эле кабыл алынган бирок ошого биздин шартыбыз канчалык туура келет ошону да эске алыш керек шаар таза болуп знактар койулуп баскан жерин кузгудой таза болуп турса тукургун деле келбейт го бизде жоо адамдар басчу тратуар деген кардан куролбой муз болуп жатат го анан тукуруп болсо дагы эритиш керек да баса албайсын музунан талтандап ушу мыйзам кабыл алынгандан бери ар бир бурчта 5 6дан милиция турмай болуп калды го
+6
kechirmeni
2019-01-08 10:46:42
arawan,Туура, знак коюп баасын жазып урналарды коюп ТВдан берип жарыялап,анан салыш керек эле
+2
kechirmeni
2019-01-08 10:51:43
Кыргызстанда дагы бир звезда пайда болду, чыпалак балбан, кыргыздын виаграсы Гулзат чыяктуу
0
Muratmipa
2019-01-08 11:17:10
Эме эле ызылдайсынар эмне экен этиканы сактап тукурбош керек
+3
Akylai_aktan
2019-01-08 12:09:49
знактар,көчөлөр да оңдолуп калаар,биринчи этиканы сактаганды үйрөнө берейличи.Мен ушу законду колдойм.Чет мамлекетте тазалыкты сактап эле жүрөсүңөрго,биздин мекенди деле сыйлагылада
+4
Kymbatym
2019-01-08 12:55:48
Түкүрүк уланууда бул баладан кийин дагы бири чыкты
-1
Samar90
2019-01-08 13:11:24
Мыйзамга баш ийиш керек бирок мыйзам начар иштелип чыгыптыр оздорудон башташ керек коттор
+1
Benazir08
2019-01-08 13:26:30
Молодец
0
Perfekt
2019-01-08 15:19:59
Molodez!
+1
Aikaaaa
2019-01-08 15:47:01
Жазбайын дейсиң айла жок.
Ушу эмнесине молодец! Бүгүн дагы бирөө чыгыптыр, мен да түкүрөм деп, эки жолу түкүрүп, 10000рублин көрсөтүп, эми ушу өнөрбү! Акмактыктын эң жеткен чеги! Адамга кыйыны күн сайын адам болуу. Башка өлкөлөр деле таң калып бүтүштү го, кыргыздардын мээси мээ эмес эле маңка экен деп. Ушуга атайын закон киргиздирбей эле таза болсок болбойт беле? Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак бизди ким сыйлайт! Минтип биз жерибизге түкүргөндү күнүгө интернетке чыгарып мактанып атабыз, эрдик ж
-1
Aikaaaa
2019-01-08 15:51:28
Эрдик жазап салгансып. А ушундай жерибизге жетпей жүргөндөр канча, суктангандар канча, басып алабыз дегендер канча. Деги кесирибиз өз башыбызга тийбесе экен. Элементарный этика, гигиенаны сактай албайбыз.
Андан көрө акчаңар көп болуп атса, колунда жокторго, оорукчандарга, жетим жесирлерге, бей бечараларга бергиле
+1
munar1980
2019-01-08 16:35:00
Мыйзам керек штраф да керек бирок анчадык коп эмес мисалы 200 или 500 максимум 1000 сом эгерде 5500 сом болсо анда ошого ылайык Айлык маяна беришсин штраф ойлоп тапкандан алдын элдин жашоо шартын канча маяна алат ошого карап жазыш керек да канча штраф жазсак болот деп оюна келгенди жаза бербей.
+1
Fanatic
2019-01-08 18:23:15
Тукургон молодец озу министрлерге тукургон да аз хххх эле салатурган болтатго кытайдагы карыздын кутулушунун жолу да эптеп карапайымдан акча ондурушсо чиновник минстрлер толобойт жанагыле карапайымдардан сыгат. Мен да ошол балага кошулуп тукурдум какырдым минстр орган укмк короче Атамбаевди баш кылып тукурдум. Минстрлердин баарна тукуруш керек. Айлык акыны кобойткондун ордуна штрафты кобойткон акмактар, кыйын экенсинер айлыкды да кобойткуло кыргызды куураткан минстр соройлор
0
nazgul1905
2019-01-09 01:15:16
Москвада эн эле жонокой нерсе конфет жесен кагазын жерге таштагын келбейт,уяласын,бироо корсо эмне дейт деп чонтокко саласын,себеби таптаза баарысы!!! Бирок коомдук жайда тукуруп какырынган туура эмес,ошону тушундуруп анан 200сом штраф биринчисинде,экинчисинде 500 сом штраф десенер болмок да. Озунордон кетип 5500 десенер байланган ат деле чылбырын узуп кетет да!!!
+1
DNurgiza
2019-01-09 07:03:22
ШАар аралап жүрүп, мусорлорду, шаардын шаар эместигин көрүп түкүрүп ийгиң эле келет экен да))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан