Өкмөт башчы: "Түкүрүү бул терс көрүнүш, бирок айып пул салуу жагын карап чыгышыбыз керек"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жана соттук-укуктук реформалоо алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда премьер-министр жол кыймылы эрежелерин бузгандыгы үчүн жазаны катаалдатуучу жаңычылдыктар коомчулукта ар-түрдүү реакцияны жаратканын белгиледи.

"Албетте, биз жарандарда коомдук аң-сезимдин жана коомдо жүрүм-турум тажрыйбасынын калыптанышына өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Мунун баары биздин мамлекетибиздин тазалыгы үчүн. Башка мамлекеттен туристтер келсе жарандары маданияттуу экен, коомдук жайларда өздөрүн үлгүлүү алып жүрүшөт экен деген түшүнүк алып келишибиз керек. Жаш муундарыбызды үлгүлүү тарбиялоо - бул биздин милдетибиз. Бирок түкүрүүгө 5500 сом дегенди, менин оюмча, карап чыгышыбыз керек", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калк арасында жаңы киргизүүлөрдүн маңызы тууралуу маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошол эле учурда айыптарды башкаруунун так механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
gul3ina
2019-01-09 00:00:57
Туура кыласынар карап чыккыла жанылганынарды тушуносунор.5500 сом деп катуу кеттинер.Лично мен тукурбойм.Кудайым кубо
+4
Kyrgyz_bloger
2019-01-09 00:07:54
1000 сом кылса деле жакшы эле го
+3
ooki8888
2019-01-09 00:10:04
Штрафтарды кобойтуп элдин кыжырына тийип жатасынар. Силердин максат элдин жашоодо денгээлин которуубу, же ансызделе кыйналып турган элдин канын соруубу??!!!
+4
Erik2018
2019-01-09 10:15:29
ooki8888, Бардык нерсе тазалыктан башталат. Акчасы көпкөндөр көп экен өздөрүн реклама кылып жатышат.
+1
Feiza1982
2019-01-09 00:20:24
5500 сом пенсия же айлык жокго Кыргызстанда элдин жашоо шартына жараша болотта штраф дагы алган айлык акыга карата.
+3
Feiza1982
2019-01-09 00:21:52
28жылдан бери башка көйгөлүү мыйзамдар иштебей эле келет .Аялын балдарын таштап кеткен алиментти төлөбөгөн эркек сөрөйлөргө дагы штраф салса болмок.Андай учурда закон иштебейт.
+1
nazgul1905
2019-01-09 00:42:59
5500 деген штраф,миллионду жеп тойгон депутаттын ойлонбой айткан сунушу да окмот башчы!!! Уялбайсынарбы дуйного шерменде болгондон!!! Байкуш кыргызым кечке кафеде идиш жууп же эркектер араба суйроп 200-500 акча таап жатса,штрафка кайсы акчаны толойт деген кызыкчылык силерде барбы? Кор болдун го кайран кыргыз элим!!!
+4
Erik2018
2019-01-09 10:17:07
nazgul1905, Кыргызстанда качан гана мыйзам иштей баштадаганда гана өлкөдө өнүгүү жолуна түшөт дээр элем.
0
baltabaev
2019-01-09 00:50:41
Былжырабай озунордон баштабайсынарбы!!!
Селерге давно ХХХХ коюп койгон кыргыз эли.Катту жазсам кечирим сурайм карапайым элден.
+2
nazgul1905
2019-01-09 01:02:46
Тукурукко 5500 болсо гимнди билбеген депутатка 50000,пара алган депутатка уй-мулкун конфискация деп эмнеге закон жаза албайсынар,адилеттик барбы бизде?
+15
Maks_shop
2019-01-09 05:28:51
Дагы кобойтуу керек мен окмоту колдойм жеке пикирим
-5
PROS
2019-01-09 05:49:53
Ошол бойдон эле калтыргыла. Мисалы Сингапурда чайнаган сагызыңды көчөгө түкүрсөң 2000 доллар (120000 сом) штраф төлөйсүң. Бизде сагыз эмес насвайын шалп эткизип көчөгө түкүрүп кете беришет. Катуу тургула, бир эки ай катуу турсаңар элдер кысчу жерин кысып калышат. АША миллиондоп айып салдырганда көрдүңөр го карапайым эл бул жакта турсун, журналисттер менен депутаттар дагы ашыкча сөз айта албай калышкан. Законго баш ийбейсиңер дагы анан Кыргызстанда закон иштебейт деп нааразы болосуңар.
-1
Jaziko80
2019-01-09 08:53:45
PROS,Сенин сингапурун жонундо соз болбоду. Кыргызстан жонундо болуп жатат. Ссен мен мигрант болуп акчаны таап келип атабыз. Оной толойбуз штраф деп. Карапайым элим кыйналып калат. Элди ойлоп жатат чондордон башкасы.
+1
marat_1910
2019-01-09 09:08:41
Соз жок сага
-2
Erik2018
2019-01-09 10:19:21
PROS,Сенин пикиринди колдойм. Биздикилер ээнбаш болуп бүтүшкөн. Колдоого алам. Мыйзам иштесе гана Кыргысзтан алдыга жылат.
0
Skarlett-Skarlett
2019-01-09 10:46:08
Erik2018,Шаар таза болуп турса эч ким деле тукуро албай калат уялып.Ош базарынын айланасы тим эле бардак.Казахстандан биздин чек арага отуп кадимкидей зээним кейиген айланада жаткан мусорду коруп.Онугуп кетсек экен оо Аллахым ай!!!
0
Altai85
2019-01-09 08:26:43
Биринчи шаарды тазалагыла таштандынын жанына келгенде тукурмок турсун окшуп кетесин тообо .
+2
Bars88
2019-01-09 08:31:54
Откондо бир депутат жакшы суйлоду.Силердики коопсуз шаар эмес эле коопсуз жол болуп калды деп.Каяктан акча тушсо ошо жакка качып атышат.Мектептер бала бакчаларга койбойсунарбы камеранарды
+1
binur5
2019-01-09 09:09:37
супер инфо билип алалычы дагы кандай мыйзамдар чыкты таблицасын чыгарып койсонор билип койолу
+1
admin_superstan
2019-01-09 09:39:15
binur5, саламатсызбы! Сунушуңуз тийиштүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Flowhive
2019-01-09 13:04:37
Түкүро берели деп ызылдап жатасыңарбы ошондо???
+1
Ermekbai
2019-01-09 21:38:50
Каруцияны эле жойсо адамдар маданияттуу эле болуп калабыз. Бардык балекетти башиаган бул карупция болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан