Милициянын үч кызматкери жол четиндеги дүкөндүн алдында туруп тамеки тартып жатканы тартылган видео интернетке тарады. Видеодон алардын бири улам-улам жерге түкүрүп жатканын жана анча алыс эмес жерде май куюучу жайы жайгашканын көрүүгө болот.
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Карима Аманкулова SUPER.KG'ге алардын аты-жөнү такталганын, териштирүүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү чара көрүлө турганын кабарлады.
Маалым болгондой, видео 8-январь күнү Бишкектин четиндеги ГЭС-5 районунда тартылган.
1-январда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөн жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат. Ал эми тыюу салынган жайда тамеки тарткан жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.