Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин "Апрель" телеканалына каршы доо арызы толуктоо үчүн кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
"Бул боюнча доо арыз Октябрь райондук сотуна 26-декабрда түшкөн. Соттун аныктамасы менен айрым документтердин жоктугунан 28-декабрда доо арыз 9-январга чейин калтырылган. Бүгүн алардын атайын өкүлү доо арызды, документтерди кайтарып алды. Доо арызды жазып жатканда кайсы сөз үчүн үч саясатчынын кадыр-баркына шек келтирилгени көрсөтүлгөн эмес. Ошолорду толуктоо үчүн доо арызды кайтарып алышты", - деп маалымдады басма сөз кызматы.
Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берген. Буга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болгон. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.