Дүйнөнүн эң бай адамы, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос аялы менен ажырашат

Дүйнөнүн эң бай адамы, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос аялы менен ажырашат. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкканын басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, экөө 25 жылдан бери чогуу жашап, 3 балалуу болушкан. Кытайлык дагы 1 баланы асырап алышкан. "Безос аялы менен дос болуп каларын, өнөктөш катары биргеликте долбоорлорду ишке ашыра берерин жазды", - деп айтылат маалыматта.

Безос учурда 54 жашта. 160 миллиард доллар мүлкү менен дүйнөнүн эң бай адамы деп табылган. Эң кымбат жана таанымал Amazon интернет компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы. Ал эми 48 жаштагы аялы Маккензи Безос - жазуучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bek_tash
2019-01-10 09:11:42
Канында бар окшойт бизден, ээ? Байысак катын алабыз го)
0
Begimkyz.
2019-01-10 11:16:42
Байлар деле ыйлашат(((
+2
Jelezo
2019-01-10 12:07:46
Хандында тузу кемиптир
0
DNurgiza
2019-01-10 14:55:31
ӨКүнүчтүү...
0
gulia90
2019-01-10 17:28:33
Байлык бакыт эмес деп бекеринен айтылбаса керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан