Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучу Александр Крестинин футболчулардын тизмесине 2 оюнчу кошту. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, башкы машыктыруучу улуттук командага 2 жарым коргоочу чакырды, алар “Дордой” командасынын оюнчусу Ислам Шамшиев жана “Алай” командасынын оюнчусу Одилжон Абдурахманов. Эскерте кетсек, улуттук курама командасы 5-июндан тарта машыгууларды баштайт. Андан соң 13-июнда Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында конокто Индия менен беттешет.
Улуттук команданын курамы (жаңыланган тизме):
Дарбазачылар: Павел Матяш ("Мазия" ФК, Мальдив аралдары), Валерий Кашуба ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").
Коргоочулар: Тамирлан Козубаев, Даниэл Тэго ("Дордой"), Валерий Кичин ("Енисей", Орусия), Виктор Майер ("Эммен", Голландия), Ильяз Алимов ("Алай"), Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев ("Абдыш-Ата"), Азамат Байматов ("Аль-Риффа", Бахрейн).
Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата"), Фархат Мусабеков ("Алмалык", Өзбекстан), Эдгар Бернхардт ("Роденхаузен", Германия), Ислам Шамшиев, Мирлан Мурзаев, Павел Сидоренко ("Дордой"), Муролимжон Ахмедов, Одилжон Абдурахманов ("Алай"), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Талгат Бектур уулу ("Черчилль Бразерс", Индия), Антон Землянухин ("Сухотай", Таиланд).
Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой").