Манас Ниязовдун II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду

Белгилүү улакчы Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Аукциондон түшкөн каражат толугу менен Дастан Жакеевдин дарылануусуна берилет. Аталган маалыматты Манас Ниязов өзү тастыктады. Бул тууралуу федерация да билдирүү таратты.

Аукциондун баштапкы баасы 2 миң сомдон башталган. Эң чоң сумма сунуштаган адам утат. Уткан адамга Ниязов формасын өз колу менен тапшырат.

Аукционго 18 жаштан жогору курактагылар катыша алат. Жеке өздүк аккаунттар гана катышууга укуктуу.

Көк бөрү федерациясынын маалыматына ылайык, Дастан Жакеев Чүйдүн көк бөрү боюнча чемпиондугунда аттан кулап, катуу жаракат алган. Ал 1999-жылы Ысык-Ата районунда туулган. Азыркы учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланууда. Абалы орто, өз алдынча баса албайт. Ар дайым ата-энесинин көзөмөлүндө.

"Кайдыгер карабаган калың журттан тууганыбыздын дары-дармегине жардам сурайбыз. Көптөгөн кымбат дарылар керектелип, ата-энеси каражат жагынан кыйналууда", - деп жазган аталган федерация.

Аукцион 19-январда саат 21:00дө токтотулат.

Белгилүү улакчы Манас Ниязов Көчмөндөр оюндарында кийген формасын аукционго койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Karaan
2019-01-11 10:32:37
Азаматсын!
+9
bond02
2019-01-11 11:14:06
Жалпы кок боручулор силерге сунуш, ушул дарыланып жаткан балага бир жолку алган сорунунарды берсенер бат эле айыгып кетет, бир улакта эле 2-3тай автоунаага чейин алып журосунор, колдоп койгула жаш бала экен.
+18
Take_men
2019-01-11 12:02:25
bond02,мүмкүн бул күнгө чейин улакчылар бергендир жардамын. Эмне болсо да айыгып кетсин батыраак. Манастай көк бөрүчү болсун
+3
Sicilya
2019-01-11 14:49:56
bond02,эн туура айттын... созуно кошулам тай емес бирден кой беришсе дагы, Кыргызстанда канчалаган кыйын белгилуу улакчылар бар
+6
Tamara.99
2019-01-12 11:10:19
Sicilya,Манас Ниязов азамат жигит экен Көк-Бөрүү улакчылардан бир эле Манас Ниязов чуркап жатат газеталардан да окууп калдым Манастын аракет кылып жатканын.
+2
kamchatka
2019-01-11 12:44:40
Эми тер жытанган формасын ким алмак эле жон эле жардам берип койбойбу.
-18
KG.Kushtarbek
2019-01-12 02:32:39
kamchatka,сенин жытына караганда жакшыда
+4
Chungyz
2019-01-11 13:06:05
100000
+1
Abdizhapar
2019-01-11 18:52:20
Chungyz,жон эле жаза бериштин не кереги бар
-1
mazya9292
2019-01-11 16:03:38
молодец туура кыласын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан