Бишкек шаарындагы маршруттук таксилерде жол киренин баасы 2 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG`ге вице-мэр Максим Ситниковго шилтеме берүү менен шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жол киренин баасын 2 сомго көтөрүү маселеси каралып жатат.
"Жол акынын баасы 2012-жылдан бери өзгөрүлө элек экендиги туура. Бааны мындан ары да өзгөртүүсүз кармап кала албайбыз. Учурда 2 сомго көтөрүү маселеси каралып жатат. Бирок бүгүн чечим кабыл алып, эртеңден баштап ишке ашырууга мүмкүн эмес. Биринчи кезекте шаардыктардын мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, баалардын жеткиликтүү болушуна шарт түзүшүбүз керек", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда маршруттук таксилердин жол киреси 10 сом, 21:00дөн баштап 12 сомду түзөт. Ал эми автобус жана троллейбустарда жол кире баасы 8 сом турат.