Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигине Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап жана жоопкерчиликке тартууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тургундардын жакындарынын көрүстөндөрүн, бузулган эстеликтерин калыбына келтирүүгө көмөктөшүү тапшырылган.
"Биздин өлкө үчүн бул өзгөчө адепсиз көрүнүш, анткени көзү өткөндөрдүн элесин урматтоо – кыргыз элине таандык маанилүү сапаттардын бири. Ошондуктан күнөөлүүлөр табылып жана жазага тартылышы керек, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүстөндө бузулган эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө тийиш", - дейт өкмөт башчы.
Ысык-Көл ОИИБи учурда мындай ишти жасагандар изделип жатканын маалымдаган.