Окумуштуулар калкы туура эмес тамактанган өлкөлөрдүн тизмесин түздү. Кыргыз өлкөсү 3-орунда

Германиянын Йена шаарындагы Фридрих Шиллер университетинин окумуштуулары Европа жана Азия өлкөлөрү арасында туура эмес тамактангандарга карата изилдөө жүргүзүшкөн. Бул тууралуу бир катар чет элдик жана жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Изилдөөгө ылайык, туура эмес тамактануу ашыкча семирүүгө, жүрөк-кан тамыр ооруларына жана кан басымдын жогорулашына алып келет. Бул көрүнүштөр кээде адам өлүмү менен аяктаары каралган. Анда жазылгандай, туура эмес тамактануу - күнүмдүк рациондо туздуу тамактардын көп, ал эми жашылча-жемиштердин жок болушу. 2016-жылы туура эмес тамактануудан улам келип чыккан оорулардан Европада 2 миллион 100 миң адам көз жумган.

Өзбекстандын калкы туура эмес тамактануу боюнча 1-орунда турат. Анда 100 миң адамдын ичинен 394ү ушул көйгөйдөн улам көз жумат. Ал эми антирейтингдин 2-орунуна Түркмөнстан чыгып, 100 миң кишиден 376 адам туура эмес тамактануудан каза болору аныкталган. Кыргыз өлкөсү 3-катарда жайгашкан. Анда 100 миң кишинин ичинен 350 адам тамактануу эрежелерин сактабагандыктан каза болору белгиленген.

Ушундай эле көйгөй бар он өлкөнүн катарында Украина, Молдова, Азербайжан, Беларусь, Тажикстан, Казакстан жана Орусия турат. Батыш Европада тамактануу эрежелерин көп бузган өлкө деп Германия табылган. Испания, Израиль жана Франциянын калкы өз саламаттыгына туура тамактануу аркылуу кам көргөнү айтылат изилдөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
shergazy9
2019-01-13 15:43:09
Жашылча жесем тойбоймда такыр
+25
haydarkan
2019-01-13 15:52:10
Ушул окумуштуулардын башка изилдей турган нерсеганкалбаппы. Биз алар айткандай тамактансак жыгылып калабыз. Биздин ата бабаыз да ушундай эле тамактанып бакубат жашашканго
+18
bond
2019-01-13 16:21:51
haydarkan,туура бирок ата-бабаларыбыз көп кыймылдап иштеген а бизчи телефон чукулап отурабыз.
+40
mirbek2211
2019-01-13 19:42:27
bond,туура айтасын.
+2
Gen_fanat
2019-01-13 16:12:43
Баардык нерсенин өзүнүн этикасы болот. Бизде отуруш кечинде болот тойо жеп барып жатып аласын, анын кандай сиңирет аш казан ойлоп да койбойбуз.
+7
Bars88
2019-01-13 16:45:57
Жон эле божомолдоп жазып койгонго.Жалан КМШ олколорун жазышыптыр.
+1
Missing-u
2019-01-13 16:57:44
Туура эле жазган! Журок кан тамыр оорулары менен ооруган адам коп,сахар оорулары коп ошолор бут эле былчылдатып май,камыр,эт тузду коп жегенден болотта,диета кылбасаныз оорунуз кучойт десен ыйлагыдай болушат. Туура тамактансан ден соолугун да жакшы журот,балдарда дени сак,акыл эси кучтуу болуп торолот,оорулар азаят аны терен ойлонуп акыл калчаган адамдар тилеке каршы аз. Мага дагы минус басып жатып калгыла,каяктагыны айтасын деп)))
+21
Kylychisa
2019-01-13 17:18:42
Ата бабабыз кандай жесе ошондой жейбиз алар коп жашаган. бирок бизди кытайдын даары азыктары омурубузду кыскартып жатат.
+15
Azatbek.Svoboda.
2019-01-13 17:35:23
Жомок артынан жомок!!!
-1
taalay25
2019-01-13 17:57:00
Африка олколорунон да ашып отупбузбу ошондо
0
Aikaaaa
2019-01-13 18:19:51
taalay25,Европа жана Азия өлкөлөрү арасында деп турат
0
rejepova
2019-01-13 17:58:44
Кытайлар балекеттин баарын жешетко,баары химикат
+4
Targarien
2019-01-13 20:55:14
rejepova, кытай ылгабай жей берип ынгайлашып калган. Биз башкабыз
+3
souza.j
2019-01-13 22:49:56
Дрожду азыраак жегиле
+2
brentfo
2019-01-14 04:16:10
Адам качан олот канча жашайт аны бир аллахдан башка эчким билбейт.
+4
Aikaaaa
2019-01-14 09:33:15
Бирок ушу Европалыктарга караганда биздин тамактарыбыз экологически чистый продуктар да, а алар көбүнчө химикатты жешет. Фастфуддарды көп колдонушат. Анан семиздери көп, бизде 120, анан чиновниктер эле семиз болушпаса
Бирок, тамактарыбыз таза болгону менен, туура эмес убакыттарда, туура эмес нык тоюп алабыз, аны моюнга алыш керекпиз
0
Janibek_Mamytov
2019-01-14 10:22:47
Кыргызбыз. Жатар тамакты күчтүү жебесек уйку келбейт. Туура эмес тамактанабыз. Мойунга алыш керек.
+1
sumaika
2019-01-14 10:29:50
Эт жебесем курсагым тойбойт.Ошол учун кыргызмын!
-1
PROS
2019-01-14 13:58:03
Окумуштууларга ишенбегиле! Алар Дарвин баш болуп маймылдан келип чыккан немелер, оюна келгенди айта беришет! Бизнести өнүктүрүү үчүн окумуштуу болумуштарга акча төлөп, өздөрүнө ыңгайлуу болгон нерселерди айттырышат акчалуулар! (Дары - дармек боюнча да ошондой ж.б.)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан