Бүгүн, 14-январда парламент комитетинде ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси каралды.
Мыйзам долбоору айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өкмөтү менен Кытай өкмөтүнүн макулдашуусун ишке ашыруу максатында гранттык жардам берүү менен ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо каралган. "Ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу менен эл аралык талаптарга ылайыкталган айыл чарба продукциясын сертификациялоо көйгөйү чечилип, ата мекендик продукциялардын экспортунун потенциалын жогорулатууга шарт түзүлөт. Аталган лаборатория үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси келип чыккандыктан, мыйзам долбоору иштелип чыккан. Аталган министрликте мындай лаборатория курууга жер тилкелери караштырылып, Сокулук районундагы Ак-Жол айылы, Ат-Башы айыл өкмөтүндө жайгашкан жер тилкелер тандалып алынган. Бул жер тилкесин лаборатория үчүн трансформациялоого район жетекчилери жана жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөр болуп, айыл өкмөтүнүн макулдугу алынган", - деп айтылат маалыматта.
Талкууда долбоорго экологиялык лаборатория куруу үчүн жер тилкесин бөлүү маселесин дагы киргизүү жагын караштыруу мүмкүнчүлүгү айтылды.
Жыйынтыгында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети мыйзам долбоорду 2-окууда жактырды.