Айбек Ажигулов Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды

Айбек Ажигулов Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Ажигулов бул кызматка 2 жылдык мөөнөткө дайындалды.
"14-февралда Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жаңы жетекчиси эмгек жамааты менен тааныштырылды. Дирекцияны буга чейин жетектеп келген Токсонбай Асанов 31-январда башка кызматка которулган", - деп айтылат маалыматта.
Айбек Ажигулов 1966-жылы туулган. 1989-жылы Ленинград шаарындагы Аскердик-саясий окуу жайын аяктаган. 2018-жылдын апрель айынан бери Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттук мекемелердин курулуштары жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан