Айнура Султанбаева маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы бүгүн, 11-мартта билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Айнура Султанбаева аталган кызматка 2017-жылдын декабрь айында дайындалган.